БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Өлкөдө биринчи жолу допинг колдонууга каршы борбор түзүлгөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кызмат Спорт агенттигинин алдындагы Допингге каршы күрөшүү дирекциясында түзүлүп, Улуттук антидопинг борбору аталышы менен иш алып барат.
Коррупцияны алдын алат. КРде спорт мектептердин маалымат базасы түзүлдү
"Дирекция спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы иш алып барган мекеме болуп саналат. Ал дүйнөлүк антидопинг кодексинин жана КРдин антидопинг эрежелеринин аткарылышын камсыз кылат. Ошондой эле таза спортту жайылтууга салымын кошот", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Спорт агенттиги алдындагы Допингге каршы күрөшүү дирекциясын жетектегенге адис изделип жатканын айтып, шарт-талабын түшүндүрдү. Аны менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.