Өкмөт морг кызматкерлерине төлөнчү кошумча акыны көбөйттү

Бийлик сөөктү жерге берүүгө даярдап бергендерге да кошумча акча төлөп берүүнү чечкен. Мында кеп кепилденген айлык акынын үстүнө кошуп берилчү каражат тууралуу болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өкмөт азыркы коронавирус эпидемиясы учурунда иштеп жаткан өлүккананын кызматкерлерине да кошумча акыны көбөйтүүнү чечти. Бул тууралуу вице-премьер Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим өлкөдө акыркы айларда адам өлүмү көп катталганынан улам кабыл алынган. Мында кеп кепилденген айлык акынын үстүнө кошуп берилчү акча тууралуу болууда.

Эгер буга чейин коронавирустан каза тапкан адамдын сөөгүн сойгону үчүн патологоанатомго 1 000 сом төлөнсө, эми 1 250 сомдон берилмекчи.

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

Орто медперсоналдын кызматкерлери 800 сомдун ордуна эми 1 000 сомдон ала башташат. Ал эми кенже персоналдын 600 сомуна 200 сом кошулду.

Мындан тышкары, орто жана кенже звено кызматкерлерине сөөктү жерге берүүгө даярдап бергени үчүн 130 сомдон төлөнмөкчү.