Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар

Колумнист Нуржигит Кадырбеков аза күтүү күнүнө улаш келген Курман айт майрамына токтолуп, бул эки күндүн бири-бирине байланышы, мааниси тууралуу ой калчады.
Sputnik

Адамзаттын башына келген апаат кыргыз жерин да кыйгап өткөн жок. Таажы вирус тумандай басып, түтүндөй каптады. Канча адамдарыбыз бул дарттын торуна чалдыкты. Көбү, ылайым жамандык көрбөй, өздөрү эле эмес укум-тукуму оожалып, оомат тапкыр дарыгерлердин алтын колдору жана ападай камкордугу себеп болуп, ал тордон кутулуп чыгышты. Аттиң, бирок канчалары үчүн бул оору ажалдын айдагына салган тирүүлүктүн эң акыркы азабы жана сыноосу болуп калды. Арасында жашы да, карысы да, байы да, кедейи да, аалымы да, илимпозу да, калемгери да, киночусу да, сахна чебери да, карапайымы да, бий, төбөлү да бар...

Адам — аалам

Суу бөксөрсө, жер оюлса бир себеп болуп кайра толор, дайра ташыса бир күн нугуна түшөр, бирок дарттан айыга албай өлүм даамын таткан мекендештерибиздин ордун ким толтурат? Көрсө, ар бир адам өзүнчө кайталангыс бир аалам тура. Бүгүн ошол маркум шейиттерди эскерип бүтүн эли-журтубуз аза күтүүдө. Дүйнө боюнча желбиреген кызыл туубуз түшүрүлүп, капалыкта тунжурап турабыз. Аза учурунда көзү өтүп кеткендер үчүн көңүл айтышып, аларга бата багыштап гана тим болбостон, өлүмдү ойлондурат. Анын айбалтасы акыры ар бир моюнга шилтенерин, мейли падыша бол, бай бол, дыйкан же дубана бол, азыр сен тебелеп баскан чөптөрдүн бир күнү үстүңдө өсүп турмайы барын эсте жаңылайт экен. Ошол себептүү жашоонун маңызын, маанисин, максатын ой элегинен өткөрүп, жүрөгүң эзилип да, жумшарып да чыкканын сезесиң.

Ар бир көз жумган мекендешим сай-сөөгүмдү сыздатып кетти… Жээнбеков элге кайрылды

Аза күтүү ким үчүн?

Адам кандай кымбат... Болбосо пандемиянын таасири тийбеген бир дагы тармак калган жок. Өндүрүш аксады, экспорт жана импорт кыскарды, тыштан инвестиция агымы кан буугандай токтоду, канча ишканалар сызга отуруп, соода айлануусу соолуй жаздаган дайрадай азайды. Булар себеп болуп түмөндөгөн адамдар жумуш орундарынан кол жууду. Натыйжада өлкө казынасына миллиарддаган акча түшпөй, экономикалык абал кедерге кетти. Музейлер жабылды, китепканалар ишин токтотту. Тартылчу кинолор, коюлчу спектаклдар жана концерттер кийинкиге жылып, маданият тармагы өтө өксүдү. Мектептердин, окуу жайлардын, бала бакчалардын стол-парталарын чаң басып, билим берүү айдыңы кыйынчылыкка кептелди. Жергиликтүү шайлоолордун мөөнөтү жылып, саясий система башаламан. Чынында бул көрүнүштөрдүн баары — өлкө үчүн өтө ачуу сыноо жана ого эле чоң жоготуу. Бирок түшпөй калган киреше, тайыздаган казына жана үзгүлтүккө учураган маданий-гуманитардык иш-чаралар үчүн эч ким эч качан аза күтпөйт. Кудайдын алдында дүнүйө-байлыктын чымындын канатынча да кадыры жок деп бекер жерден айтпаса керек. Кечээги селсаяк бүгүн чириген байга айлангандай, буюрса, бүгүн кемисе, эртең кайра кемелине келет бул тармактар. Жамандыкты амандык жеңет дейт акылман кыргыз.

Бирок өлгөн адамды тирилтүүгө ушунча илимий жетишкендиктери менен бүткүл адамзат алсыздык кылат экен. Ошон үчүн пандемиянын кесепетинен көзү өткөн миңдеген мекендештерибизди эскерип, азалуу муңайып турат, кайран Ата Журтубуз. Адам — чыныгы байлык. Адам болбосо кайдагы экономика, кайдагы маданият жана кайдагы мамлекет. Белди бекем бууйлу! Оңололу! Жаман адаттарды таштап, жакшы амалдарды баштайлы! Элибиз адептүүлүгү, уяттуулугу, бекем ынтымагы жана күжүрмөн эмгеги менен ааламга атагы чыксын. Балким, маркумдарга ошонун сообу тиер. Ошону менен алардын арбактарын ыраазы кыларбыз.

Коронавирустан көз жумгандар "Ата-Бейитте" эскерилип, куран окулду

Дарт берген дарс

Алтын менен күмүштүн, ак сарай менен кымбат автоунаанын эмес, ден соолуктун чыныгы байлык экенин ооруп сакайган жан билет тура. Апааттын эпкини тийип, эки өпкөсү кагынып, ооруканада жаткан апам менен видео байланыш аркылуу баарлашсам: "Айыгып чыксам алтын шакек-сөйкөлөрүмдү тагынбайм. Аларың байлык эмес экен. Чыныгы байлык жана бакыт — оорубай соо жүргөнүң тура. Эч кимди сындабайм, урушпайм. Адамдын даражасын ыйманы, топугу жана кичи пейилдиги көтөрөт экен. Бизди караган өзбек мээрман айымдын илбериңки мамилесине көңүлүм көлкүлдөп, ушундай тыянакка келдим. Эгер бирөө мени урушса сүйүнөм, анткени тирүү болгонум үчүн урушуп жатат", — дейт. Аны угуп, оору жүрөктү жумшартып, жан дүйнөнү тазалап, боорукерликти күчөтөт деп бекер айтылбасына дагы бир жолу ынандым. Ошондон улам Жараткан бул кара тумоону элибиздин ынтымагын арттырып, бир туугандык сезимин жылуулап, чыныгы дөөлөт-баалуулук эмне экенин аңдатыш үчүн атайын жибергенби деген ой кылт этти мага. Демек, ушул апаат сыноосунан ден соолугубуз жабыркап, канча асыл адамдарыбыздан ажыраган менен өтмүш-келечегибизге дагы бир жолу көз чаптырып, акыл калчап, айып-күнөөлөрүбүз үчүн тообо, аманчылыгыбыз үчүн шүгүр келтирип, анык байлык-бакыт эмне экенин түшүнүп, руханий жактан жетилип, байып чыгалы.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

Артка канчалык кылчактабайлы, өмүрдө өткөн күнүңдүн, саатыңдын, ал тургай көз ирмемиңдин пардасы дароо кайра ачылбас болуп жабылат. Демек, кетирген каталыктардан таалим алып, кемчилдиктерди кайталабай, мындан да көбүрөөк жигер, кайрат менен алга кадам шилтейли. Оорунун жайылышына негиз болгон алешемдиктерди жашоонун берген эң маанилүү сабагы катары кабылдайлы да, ал үчүн ар кимди айыптап, кылдан кыйкым издеп, ансыз да ачышып турган көңүлдөрдү, муңканып турган жүрөктөрдү жаралабай, бири-бирибизге арка-бел болуп, баштарды, жүрөктөрдү бириктирип, ынтымак менен сыноо тоскоолдуктарын сындырып өтөлү.

Өзгөчө Курман Айт

Улуттук аза күнүн утурлап Курман Айт майрамы келет. Бул күн мүмкүнчүлүгү барлардын эчки, кой, уй же төөнү курмандыкка чалып, этин жиликтеп таркатып канчалаган муктаждардын, бей-бечаралардын, тууган-туушкандардын, кошуна-колоңдордун жана жакшы санаалаштардын көңүлүн көтөрүүсүнө себеп. Ошол аркылуу адамдар арасындагы алака бекемдеп, мамилелер жылуулайт. Таарынышкандар табышып, кектешкендер кечиришет. Байлардын берешендиги болбосо жардылар мукурайт, жардылардын батасын албаса байлар жарыбайт дегендей, бул күнү алуучулар берүүчүлөргө ак баталарын арнайт. Ошентип маанай көтөрүлөт, ынтымак-ырашкердик чыңдалып, береке артат. Ушундай улуу мааниси бар бул ыйык майрам – эл-жерибиз үчүн аза-муңду аз да болсо унуткарып, көңүл-сезимдерге жакшылыкка карата үлкөн үмүттүн үрөнүн сепкен, бакытка, бейпилдикке жана сак-саламатыкка карай бурулуштун ак жолтой учуру болуп калгай.

Бизге позитив керек! Жашоону оң нукка бура турган 8 кадам

Азалуу зайыптын ак кийдисин элестеткен быйылкы Курман айт майрамынын дагы бир өзгөчө мааниси бар. Кыргыз кырсыктан сак болуу же кутулуу үчүн мал союп, түлөө өткөргөн. Башына балакет, оору же башка азап келген адам адегенде кой-короосунан токтуларынын семизин карматып, Кудайымдын жолуна деп курмандык чалып, этин эзилте бышырып, устукан-шорпосун атайын жайылган дасторкон үстүнө чакырылган конокторго тартып, алардын жүрөгүн жылытуу менен ак батадан шыпаа жана жакшылыкка жол издеген. Ушул Курман айт майрамында курмандыкка чалынган жандыктардын баары, ылайым, калкка каран түн болгон касиетсиз апааттын алыстап, артын карабай кетишине чабылган садага, арналган түлөө болгой.

Ойлоп көрсөк, курмандыксыз дегеле ийгилик да, жеңиш да болбойт экен. Бизнестеби, илимдеби, чыгармачылыктабы, же саясат багытындабы, бийиктикти багынтуу үчүн канча күч, убакыт жана каражат курмандыгы талап кылынат. Ата-бабаларыбыз элибиздин маданиятын, салтын, наркын сактап, кийинки муунду ыйман-адепке тарбиялаш үчүн да малын, жанын, убактысын аябаптыр. Согушта же азыр биз баштан кечирип жаткандагыдай апаат учурунда күч, убакыт жана байлык эле эмес, өмүр курмандыгысыз жеңиш келбейт экен. Фашизмдин мизин майтарыш үчүн мурдагы СССР отуз миллионго жакын адамынан ажыраганы мунун таасын мисалы.

Ылайым, эртеңки кылчу курмандыктарыбыз бүгүнкү күткөн аза туманын таркаткан керимсел шамал сыяктуу болгой. Келчү балакеттердин алдын тосуп, оор-жеңил дарттардын шыпаасына айлангай. Жеңиштерибизге жана ийгилигибизге жол ачууга себеп болгой.

Караңгыдан кийин күтүп таң турат,
Капалыктан кийин күтүп шаң турат, — демекчи, азанын артынан рухий тазаруу жана ийгилик жылоолгон кез келсин. Бул күндөрдүн артында, буюрса, улуу жакшылыктар бар. Караңгы түндүн эң коюу учуру — таң атар алды болот.