Психолог кучакташып туруу канчалык маанилүү экенин айтты

Адам кучакташпай калса өзүн жалгыз сезе баштайт. Маселен, наристелерди кучактаганда алар жакындарынын жылуулугун сезип, кам көргөн бирөө бар экенин түшүнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Психолог Арина Липкина кучакташып туруу адамга канчалык маанилүү экенин айтып, пандемия учурунда андан толугу менен баш тартпоого чакырды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымында, адам кучакташпай калса өзүн жалгыз сезе баштайт. Маселен, наристелерди кучактаганда алар жакындарынын жылуулугун сезип, кам көргөн бирөө бар экенин түшүнөт.

"Бул талап кылган нерселердин бири эле эмес. Кучакташуу бизге жашаш үчүн жардам берет. Ансыз адам ал-күчтөн тайып, алсыз боло баштайт", — деген психолог.

Окумуштуулар: ачытылган капуста коронавирустун кесепетин жеңилдетет

Адис белгилегендей, кучакташкан учурда стресс азайып, кан басым турукташат. Ошондой эле окситоцин деп аталган сүйүү гормону көп бөлүнүп чыгат.

"Пандемия учурунда көп адамдар менен жолукпай кое туруу сунушталууда. Бирок эң жакын адамдар менен байланышты үзбөш керек. Жок дегенде эң жакын адамдар менен кучакташып тургула", — деп кеңеш берген Липкина.

Буга чейин психолог Анна Юсупова коронавирус жуктуруп алуу коркунучун жана ашынган ой-санааны жеңүү жолун айтып берген.