Кабыгы да пайдалуу. Сөөктү бекемдеп, рактын алдын алчу азык айтылды

Дарыгердин айтымында, бул азыктын курамындагы В1 витамини эске тутууну жакшыртып, нерв системасы менен мээге жакшы таасир берет. Буурчактын кабыгында да пайдалуу заттар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Буурчак онкологиялык илдеттин алдын алып, сөөктөрдү бекемдөөгө жардам берчү азык. Бул тууралуу Самарадагы Диетология жана диетотерапия илим-изилдөө институтунун директору Михаил Гинзбург айтканын "Известия" жазып чыкты.

Адистин айтымында, буурчактын курамындагы белок менен кремний терини жашартып, сөөктү, муунду бекемдөө процесстерине катышчу коллаген менен эластиндин синтези үчүн пайдалуу.

Бут шишидиби? Ысыкта туура тамактануунун жолу айтылды

Мындан тышкары, никотин кислотасы бар, ал сууктан сактап, атеросклероздун өрчүп кетишинен коргоп турат.

Диетолог буурчак онкологиялык оорулардын алдын алууда да өтө керек экенин эскерткен.

"Бул азыктын курамындагы В1 витамини эске тутууну жакшыртып, нерв системасы менен мээге жакшы таасир берет. Буурчактын кабыгында да пайдалуу заттар бар. Кандагы канттын көлөмүн жөнгө салууда да жакшы жардам берет. Ал эми курамындагы белок менен калориянын аздыгы арыктайм дегендер үчүн миңдин бири", — деген дарыгер.

Буга чейин жүрөктүн ишин D витамини жакшырта алары айтылган эле.