Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы

Аял кесарево жолу менен эгиздерди жарыкка алып келген. Ага чейин тапшырган ПЦР-анализдери вирус жок экенин көрсөтүп, үчүнчү жолу, тагыраагы, көз жаргандан кийин тапшырганы илдет бар экенин аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү статистикасындагы каза болгон жети кишинин бири 27 жаштагы келин ооруканага кан басымы көтөрүлүп түшкөн. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Коркунучтуу дарт экен! Ооруканадан кайрылуу жасаган 37 жаштагы милиционер көз жумду

Анын айтымында, аял кош бойлуулуктун 34-35 жумасында (сегизинчи айдын аягында) эгиз балдарды жарыкка алып келген. Келин буга чейин да эки жолу операция жолу менен көз жарган. Дарыгерлерге кош бойлуулуктун 30-жумасында гипертония менен түшкөнү айтылды.

"Башында анда вирустук инфекциянын клиникалык көрүнүштөрү байкалып, адистер менен консультация уюштурулган. Ал тапшырган эки ПЦР-анализ оору жок экендигин көрсөткөн. Операцияга чейин алынган рентгенограммада дагы дарттын белгилери байкалган эмес. Төрөгөндөн кийин тапшырган үчүнчү ПЦР-анализ гана вирус бар экендигин көрсөттү. Мындай жыйынтык ал каза болордон бир күн мурда чыкты", — деди Асылбашева.

Ымыркайлар борбордогу төртүнчү төрөт үйүндө. Гинекологдун айтымында, алар ара төрөлгөн.

Өлкөдө коронавирустан 7 киши каза болду

Соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 296га жетип, 57 киши көз жумду.