Бут шишидиби? Ысыкта туура тамактануунун жолу айтылды

Адис азык-түлүктүн сапатын да көз жаздымда калтырбай, ачык жерде эки сааттан ашык кармабаш керектигин да белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Белгилүү дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалында сүйлөп жатып, ысыкта суу ичүүнүн маанисин белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Заарага көңүл буруш керек. Адатта ал тунук болот. Эгер түсү күңүрт тартса, демек, организмге суу жетишпейт", — деди Мясников.

Мындай учурда заара чыгаруучу дары-дармек ичүүнүн кереги жок.

Дарыгер углеводдун көлөмүн азайтып, бутту шишиктен арылтуу үчүн таттуу-тарападан баш тартуу зарылдыгын белгилеген. Анын айтымында, ашказан ысыкта эт же майлуу тамакка караганда жашылча-жемишти оңоюраак сиңирет.

Беттин терисин бат буза турчу азыктар аталды

Мясников, мындан тышкары, азык-түлүктүн сапатына да көңүл буруу керектигин эскертип, күн катуу ысыган учурда тамак-ашты ачык жерде эки сааттан ашык кармабаш керектигин белгилеген.