Москва шаарындагы Жеңиш парады. Видео

Ушул тапта Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп жатат. Ага 12 мамлекеттин аскерлери катышып, Россиянын Кургактагы аскерлеринин башкы командири Олег Салюков жетекчилик кылууда.
Sputnik

Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых
Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге жылдырылган эле. Ал эми Жеңиш парады 24-июнга белгиленген болчу.

Парадга Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдова, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринен делегациялар барган. Кыргызстандык делегацияны президент Сооронбай Жээнбеков жетектеп кеткен.

Кызыл аянттагы парадга 13 миңден ашык аскер катышып, 234 заманбап жана аскер техникасы тартылды. Эл 1945-жылдын 24-июнундагы тарыхый параддын элементтерин көрүп жатышат.