Жарым фабрикат, тез татымдан баш тарткан киши тамакты аз жеп баштайт. Себеби

Мындай көрүнүш даам рецепторлорунун калыбына келиши менен байланыштуу экендиги айтылган. Рецепторлор тамак-аштын көлөмүнө, анын даамын татууга жана ырахат алууга жооп берет.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Фастфуд менен жарым фабрикаттан баш тартып, ден соолукка пайдалуу азыкка өтүү сугалактыкты жоёт. Бул даам рецепторлорунун калыбына келиши менен байланыштуу экендигин Sputnik радиосуна медицина илимдеринин доктору Василий Генералов айтып берди.

"Рецепторлор тамак-аштын көлөмүнө, анын даамын татууга жана ырахат алууга жооп берет. Эгер алар жакшы иштебей калса, адам көп жей баштайт. Буга азыктын сапаты таасир бериши мүмкүн. Азыр жарым фабрикат азыктарда консерванттар жана химиялык боёктор бар экендиги белгилүү. Ошолор рецепторлорго зыянын тийгизип жатат. Конспирологиялык теория боюнча адамдын даам сезгичтиги канчалык төмөн болсо, тамакка ошончолук баш-оту менен кирип кетет", — деген Генералов.

Арыктоого жардам берчү беш майлуу азык аталды
Дарыгер белгилегендей, рецепторлорду калыбына келтирүүгө болот. Бул үчүн "баңгизаттай тартып турган" пайдасынан зыяны көп азыктардан баш тартуу керек.

"Жарым фабрикаттарды, фастфудду канчалык аз жесе, рецепторлор ошончолук өз калыбында иштеп баштайт. Алар калыбына келүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан эт, жумуртка, балык жана жашылчадан даярдалган салаттарга өтүү керек. Адам пайдалуу тамактарды жеп баштаганда башка азыктардын чыныгы даамын сезет. Кадимки помидор же бадыраңдын дагы даамы укмуш экенин сезесиз. Сиз мурда кондитердик азыктарды көп жегенде углеводдун ченемин жогорулатып жибергенсиз. Аларды жебей калганда рецепторлор ордуна келет", — деген доктор.

Окумуштуулар буга чейин салмак кошууга жыт дагы таасир берерин айтып чыгышкан.