Премьер Боронов өзбекстандык кесиптеши менен телефондон сүйлөштү

Кубатбек Боронов Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасынан кийин өкмөт башчы болуп дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын министрлер кабинетинин башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу баарлашканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков коронавирус жуктурган Назарбаев менен сүйлөшүп, абалын сурады
Арипов Бороновду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланганы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, Кубатбек Боронов Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасынан кийин премьер-министр болуп дайындалган.