Көп кыймылдаган киши өлүм чакырган дарттан оолак болот. Узак жашоонун сыры

Адистердин айтымында, кыймыл кан айланууну жакшыртып, ашыкча салмактан арылтат. Бул нерселер ден соолукту чыңдоонун жана ички органдардын ишин жакшыртуунун бирден бир жолу.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Активдүү кыймыл жыл сайын дүйнө жүзүндө 4 миллиондой кишинин өмүрүн сактап калат. Бул тууралуу Кембридж (Англия) жана Эдинбург (Шотландия) университеттеринин окумуштууларынан турган илимий топко таянып MedicalXpress медициналык басылмасы жазды.

"Кеңседе же башка жерлерде отуруп, аз кыймылдап иштеген адамдар узак жана сапаттуу жашагысы келсе күнүмдүк кыймыл-аракеттерден тышкары активдүүлүккө убакыт бөлүшү керек. Мисалы, кеңсе кызматкери аптасына 150 мүнөттөй убакыт аэробикалык кыймылдарды же ошого тете үй жумуштарын кылса болот. Ал эми убакытты үнөмдөгүсү келгендер аптасына 75 мүнөт өтө активдүү кыймылдашы керек, бул спорттук машыгуулар же чуркоо", — деди Эдинбург университетинин адиси Пол Келли.

Кеч жаткан адам бат толот. Уйку тууралуу жаңы иликтөө
Адистердин айтымында, кыймыл кан айланууну жакшыртып, ашыкча салмактан арылтат. Бул нерселер ден соолукту чыңдоонун жана ички органдардын ишин жакшыртуунун бирден бир жолу.

Мисалы, Кембридж университетинин окумуштуулары былтыр АКШда активдүү кыймыл 140 200 адамды, Улуу Британияда 26 600 адамды эрте өлүп калуудан сактап калганын айтат. Тагыраагы, ар кандай илдеттер менен кайрылган бейтаптарга дарыгерлер дары-дармек, диетадан тышкары, бир катар спорттук көнүгүүлөрдү сунуштап, активдүү жашоо образына үндөшкөн. Жыйынтыгында жогоруда айтылган бейтаптар өлүм тооруп турган учурларда сакайып кетишкен.