Чет жерде ишкерлик кылган Сыдыкова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Италияда COVID-19 вирусунан улам бир топ адам каза болду. Азыр ал жакта абал кандай болуп калды?
— Биз аралда жашагандыктан коронавирусту жуктургандар аз эле болду. Өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу COVID-19 келген жок деп эсептесек болот, жуктуруп алгандар, каза болгондор түндүк облустарда көп катталды. Анан бийлик ишкана, мекеме, түрдүү жайларды убагында жапты. Кудайга шүгүр, азыр абал турукташып калды, бирок айрым чектөөлөр дагы деле алына элек.
— Башында кайсы тармакта эмгектендиңиз? Кантип ресторан ачып калдыңыз?
— Мурун эжем экөөбүз Бишкекте ресторандарда иштүчүбүз. Кесибим боюнча финансистмин. Италияга 2005-жылы барып, түрдүү ресторандарда, үйдө улгайган адамдарды карап иштедим. Быйыл ашкана ачканыма төрт жыл болот. Башында араб, япон, африка ашканаларында эмгектенип калдым. Анан кыргыз элинин тамак-ашын кандай кабыл алат болду экен деп кызыгып, ишти баштагам.
— Италиялыктар биздин тамак-ашты кандай кабыл алды, азыр кардарларыңыз көп элеби?
— Башында бизди кытайсыңар деп эле кыйкыра беришчү. Азыр кыргыздарды жакшы эле таанып калышты. Бул жакта өзбек, казактар жокко эсе, ашканасы дагы жок. Кудайга шүгүр, азыр бизди жергиликтүүлөр жакшы эле билишет, өзүбүздүн туруктуу кардарларыбыз да бар. Мисалы, аралда жашаган бир адам атайын лагман жегени келет. Анан, мурдагы советтик республикаларда жашап кетип, кийин Европада түтүн булатып калгандар эс алганы келгенде биздин ашканадан даам татып, кардарларыбыздын катарын толукташат. Алар кыргыздын ресторанынын бул жакта иштеп жатканын көрүп аябай таң калат. Бир жолу бизге бир орус кирип келип кыргызча эле "максым, бозо барбы?" десе болобу. Ошондой кызыктуу окуялар көп болот. Кээде Орто Азияда бир учурда жашап калгандар тамактанып чер жазып кетишет.
— Жергиликтүүлөр кыргыздын кайсы тамагын жактырат?
— Жергиликтүү элдин өз табити болот эмеспи, ошол учурда кандай ыкмаларды колдоносуз?
— Менюбузда оромо, самса, палоо, бешбармак, куурдак бар. Мен ар кыл улуттун ашканасында иштеп калгандыктан, айрым учурда биздин тамактарды башка улуттардын кошулмалары менен жасайм. Кардарларыбыздын арасында такыр эт жебеген, жадагалса жумуртка, сары май да колдонбогондор болот, камырдан жасалган тамактарга аллергиясы барлар кездешет. Ошондуктан алардын табитине жараша ылайыктап жасап берүүгө туура келет. Бирок аларга тигил же бул тамакты кыргыз ашканасында жасаса мындай болмок деп түшүндүрүүгө аракет кылам.
— Ашкананы ачууда кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз?
— Негизи тамактануучу жайларды иштетүү кирешелүү болот эмеспи. Төрт жыл аралыгында жакшы эле пайда көрдүңүзбү? Кандай пландар бар?
— Башында тамакты жасап кардарларга жеткирүү менен алектенип, эки жылдан кийин ресторан деген статусту алдым. Анын салыгы кымбат , айына бир чарчы метрге 200 евро салык төлөйм. Электр жарыгы, газ да арзан эмес. Биринчи кыргыз рестораны болгондуктан жарнамага дагы бир топ акча жумшалды. Кошумча жабдуу алып, оңдоо иштерин жасаттым. Төрт жылдан бери тапканымды кайра эле ресторанга салып келүүдөмүн. Кудай берекесин берсин, буюрса туруктуу кардарлабыз пайда болду. Эми иштеп баштаган жумушумдун жемишин көрүшүм керек.
— Ал жактагы кыргызстандыктар ынтымактуусуңарбы?
— Негизи кыргыздар каякта жүрбөйлү, өзүбүздүн каада-салт, үрп-адатыбызды алып барат экенбиз. Бул жакта деле Кыргызстандагыдай чоң ресторандарда тушоо, үйлөнүү той өткөрүп, тамада жалдап, кийит кийгизишет. Нооруз, Эгемендүүлүк күнүндө чогулуп иш-чараларды өткөрөбүз. Бири-бирибиз менен катышып куран окутуп барабыз. 15 жылдын ичинде башыбыздан канчалаган жакшылык-жамандык өттү. Буюрса өзүбүзгө боз үй, казан-аяк алып коелу деп жүрөбүз.