Аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап таяктаган киши камакка алынды

Жабыркаган келин милицияга үч күндөн кийин кайрылган. Маалыматта анын баш мээси чайкалганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Сузакта аял кишинин мойнуна дөңгөлөк байлап алып чакалап суу чачып, уруп, мазактаган киши 15 суткага камакка алынды. Мындай чечимди райондук сот чыгарганын облустук милициянын катчысы Нурдин Жээнтаев тастыктады.

Караколдо аялына бензин чачып өрттөгөн адамга өкүм чыкты
Эскерте кетсек, соцтармактарга аялын мыкаачылык менен кордоп жаткан эркектин видесу тараган. Жабыркаган аял милицияга арыз менен кайрылгандан кийин күйөөсү кармалып, факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 75-беренеси ("Үй-бүлөдөгү зомбулук") боюнча катталган.

Окуя 8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Камакка алынган кишинин 52де экени айтылды.