Бишкектеги "Орто-Сай" базары дезинфекцияланып жатат. Сүрөттөр

Буга чейин вице-мэр Татьяна Кузнецова аталган базар 10-13-июнь күндөрү жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөрүн айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Орто-Сай" базарында дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

ӨКМдин 10 кызматкери Мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун башкы санитардык дарыгеринин көзөмөлүнүн алдында ар бир контейнерди жана соода түйүндөрүн дезинфекциялап жатат.

Эске салсак, вице-мэр Татьяна Кузнецова аталган базар 10-13-июнь күндөрү жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөрүн айткан. Буга Бишкек шаарынын тургундары медиктерге өздөрү коронавирустан шектенип кайрылган учурлар болгонун жана "Орто-Сай" базарына баргандыгын айтканы себеп болгон.

Ал эми бүгүн Бишкек мэриясы "Ош" базарын да дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабуу маселесин карап жатканын айтты