БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Казакстандын өкүлү чынында эле казак тарап чек арада көйгөй жаратып жатканына ынанышты. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.
Белгилей кетсек, Казакстанга кирүү май айынын соңунан тарта кыйындай баштаган. Өкмөттөн 300-400 фура кезекте турганын айтышкан. Мындан улам Sputnik Кыргызстан жеринен репортаж жасаган.
“Сүйлөшүүлөр үч саатка созулду, автоунаалардын өтүүсү боюнча хронометраж көрсөтүлдү. Кыргыз тараптан ар бир жүк ташуучу унааны текшерүүгө орто эсеп менен 12-15 мүнөт керектелет. Ал айдоочуну паспорттук көзөмөлдөн өткөрүүдөн, андан аркы текшерүү үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүп, 20-23 мүнөт кармалууда. Бул процедурага казак тараптан коюлган талаптар жана барьерлер кошулган эмес. Карап турсак, кыргыз тарапка 61 фура кирди, ошол эле убакта Казакстанга болгону 21 автоунаа өткөрүлдү. Бул үч эсе аз киргизип жатканын түшүндүрөт”, — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал жолугушуу саат 14.00дө башталып, бирок казак тарап өзү жакты мониторинг жүргүзүүгө 16.00дө гана уруксат бергенин белгиледи.
Мындан сырткары ал Казакстандын билдирүүсүнө таң калып жатканын айтат. Ал эми 9-июнда өтө турган ЕЭКтин коллегиясында абалды жөнгө салууга акыркы чечим кабыл алынып, Казакстанга чек араны тез арада ачууну айтарына ишеним артты.