Адамдар артымдан күбүрөнүп калышчу. Бишкектик ишкер кыздын баяны

Айжан Нурмаханова эч ким олуттуу кабыл албаган убакты үнү дирилдей эскерет. Көпчүлүк үчүн ал өтө бардар бүлөнүн көлөкөдө багылган кызы гана эле.
Sputnik

Коронавирус капсалаңы келгенче Айжан Нурмаханова кийим тигүү менен алектенчү. Эми көйнөк менен юбканын ордуна анын цехинде бет кап жана жеке коргонуу костюмдары тигилип, бишкектик ооруканаларга өткөрүлүүдө. Биздин маектеш оор күндөн пайдалана киреше тапкандан алыс экенин айтат.

"Башымдан көптү өткөрдүм, бай болуш максатым эмес", — дейт Айжан. Башынан өткөргөндөрүн тыңдап отурсак, баяны чындап эле абдан кызык.

— Өзүңүз жөнүндө билсек.

— Бишкекте абдан бардар үй-бүлөдө төрөлүп-өстүм. Жалгыз перзент болгонум үчүн бала кезимден кем-карч эмне экенин билбедим. Студенттик жылдары, медициналык окуу жайда деле аркамдан адамдардын: "Аябай эрке кыз, кой-ай деген эч ким жок. Бирөөндө баары бар, башкасынын колунда жок?" – деп шыбырашып калышчу. Бирок акчага ашкере маани берген жан эмесмин. Киши бай болуп-болбогонуна карабай, жөн эле ага кошо төлөп кете берчүмүн. Ооба, бардар үй-бүлөлөр чындап эле балдарына көп нерсеге уруксат берет. Анан алар акчаң менен бийлигиң болсо, баарына уруксат деп ойлошот. Бирок андай нерсе мага тиешелүү эмес.

21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым
Беш жыл мурда ата-энем акча жагынан кыйнала баштады. Алар банкрот болгону көп адамдар бизден оолактап кетти. Аябай капа болдук, колуңда барда баары дос, акчаң жокто качышат тура. Ошондо акчанын маңызы жок экенин так түшүндүм. Мени оору да азап чектирди. Спортту жактырганым үчүн кудайдын куттуу күнү чуркап, аптасына үч жолу спорт залга барчумун. Үйдөгүлөр да "протеинге сыйынасың" деп күлүп калышчу мага. Чоң салмактарды көтөрүп машыккандан, анан калса жол көрсөтүп турган машыктыруучум да болбогонунан улам саламаттыгым чабалдап кетти. Врачтар омуртка сөөк жабыркаганын айтышты. Оору мени аябай эле кыйнады, баса албай апталап үйдө жаттым.

Дарыгерлер операция кылуу керектигин айтышат, мен макул болбойм. Турмушка чыга элекмин, төрөй элекмин. Анан да баары жакшы аяктаарына эч ким кепилдик бербейт. Акыры врачтар ийне сайып дарылап, бутума тургузушту.

Азыр кыйла жакшы болуп калдым. Кээде кармап калат, бирок баштагыдай эмес. Ата-энемдин банкрот болушу, оору мага аябай таасир этти. Бай деле болгум келбейт, моралдык баалуулуктар андан алда канча маанилүү экенин түшүндүм.

Адамдар артымдан күбүрөнүп калышчу. Бишкектик ишкер кыздын баяны

— "Пирамида" телеканалында кабарчы болуп иштепсиз. Бир убакта мен да телеканалда эмгектенгем. Чынын айтсам, теледе кабарчылык адамдын эсин оодарып, ушунчалык эзип бүтүрөт.

— Ооба, ошондой экени чын. Телевидениеде иштесең жеке жашооңду унуткарасың. Таңдан кечке чейин тытына иштейсиң, шаар ичинде жаның тынбайт. Кээде шам-шум этип алууга да убактың болбойт. Адамдар ар кыл, бири маектешүүгө көнөт, экинчиси сөгүп да салышы ыктымал. Бирок баары бир тил табышып иштөөгө туура келет.

Айланаңдагылар телеге чыгып жүрөсүң, демек телегейиң тегиз, толтура акча табасың деп ойлошот. Чынында бул жаатта чоң маяна жок, биздин телеканалдарда иштеген журналисттер ашып кетсе 15-20 миң сом алат.

— Эмнеликтен тигүүчүлүк ишке кириштиңиз?

Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги
— "Кыргыз алтын" ишканасында басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн кезим. Ал жакта аябай көп киши менен тааныштым. Бири биздин уруудан экен. "Жети атаң ким?" – деп сурап калды. Албетте, баарын атап бердим. Ошондо ал: "Айжан, эл башкаргандардын тегинен турбайсыңбы! Сен алардан да артык болушуң абзел", – деди. Ойлонуп калдым. Өз ишимди ачкым келди. Кийим тигейин деп чечип, рынокту изилдеп көрдүм. Бизде кеңсе кийимдеринин түрү аз экен. Негизинен спорттук же салтанатка кийилчү кийимдер сатылат. Жумушка да, азем-кечелерге да ылайык кийимди тигейин дедим. Бир дизайнерге кызматташууну сунуштагам.

— Алгачкы ишиңизге кайдан акча таптыңыз эле?

— Эң башында эле жакындарымдан акча албайм деп өзүмчө чечип койгом. Чоң көргөзмө уюштургум келип жүргөн. Казакстандан Канат Умбетов, Алия Абикен, Асылжан Абдулла өңдүү жылдыздарды чакырдым. Алардын YouTube каналында миллиондогон көрүүчүлөрү бар. Жардамдарынын ордуна жарнама сунуштай, демөөрчү издеп кирдим.

Адамдар артымдан күбүрөнүп калышчу. Бишкектик ишкер кыздын баяны

— Ушундай бир долбоорго демөөрчү издеп көргөнүм бар, аябагандай кыйын иш тура.

— Ооба, кудай жалгап журналист болуп иштеп жүргөнүмдө тааныш чөйрөм түзүлүп калган. Бир чыгынып туруп коммерциялык сунуш менен ишкерлерге бардым. Азыр ойлоп алып, ошончолук айлам түгөнгөн беле деп калам. Алар мени : "Сен ким элең? Неге сага акча бермек элек?" – деп кубалап чыгышса деле болмок. Бирок алардын бири баары бир мага ишенген.

Ошол көргөзмөм аз жерден үзгүлтүккө учурап кала жаздаган. Казак ырчыларын чек арада эки саат кармап туруп алышты! Ыйлагым келди, качып кетейин дедим, себеби меймандар бир убакта тарай башташты. Бирок өзүмдү колго алып, конокторду алаксытууну уланта бердим. Фуршет да бизди сактап калган.

Кудай жалгап, баары жакшы өттү, эч ким эч нерсени байкаган жок. Кийин биздин көргөзмө боюнча маалымат каражаттары да жазып чыкты. Ошентип күздөн тарта кийимди жеке буюртма менен тиге баштадык.

— Коронавирус бизнесиңизге кандай таасир этти?

Абдан кирешелүү! Ич кийим сатуудан ишкерликке жеткен Гулинанын баяны
— Баары токтоп, эч ким кийим сатып албай калганы анык. Адамдар көчөгө чыкпай, көпчүлүгүндө акча жок. Карантин башталардан бир күн мурда курбум менен машыгуу залына барган элек. Ал дагы тигүү тармагында. Анан эле карантин жарыяланып калды. Жумушсуз калганыбызды аңдадык. Бет кап сатып алып, үйдө отурууну чечтик. Бир нече дарыкананы кыдырып, эч бир жерден таппадык. Соңку барган дарыканада "Бет кап жок" деген жарыяны илүүгө үлгүрүшүптүр.

Курбум экөөбүз акылдашып, аларды өзүбүз тигели деп чечтик. Бет каптын кандай болушу керектиги боюнча дарыгерлер менен кеңештик. Албетте, ал жүз пайыз коргобойт, бирок фильтр менен деле илдет жуктуруп алууга мүмкүн тура!

Үч аптада 30 миң бет кап тиктик, аны Кыргызстандын ар бурчуна — Каракол, Ош, Жалал-Абад, Нарынга алып кетишүүдө. Кийин коргоо костюмдарын да тигүүгө кириштик. Аларды Бишкектеги ооруканалар бизден алууда.

Адамдар артымдан күбүрөнүп калышчу. Бишкектик ишкер кыздын баяны

— Азыр интернетте бет кап, санитайзер жана гречка өндүргөндөрдүн кантип байыганы боюнча шакабалар жайнайт.

— Бул бизнес мен үчүн байып кетүүнүн жолу эмес. Биз продукциябызды эң арзан баада өткөрүүгө тырышабыз. Бирок доллар көтөрүлгөндө кездемелерди кымбат баада салып алгандыктан, өндүрүш чыгымдары да өстү. Мындан тышкары, кызматкерлерибиз жумушсуз калбаганына, үй-бүлөлөрүн багууга мүмкүнчүлүк бар экенине кубанам. Ал гана тургай, салыктын баарын төгүп, тендерлерди таза утуп келебиз. Ошондой эле кайрымдуулук менен да алектенип, постто турган врач, милиционерлерге көмөк көрсөтүп жатабыз. Кирешесиз калган адамдардан да кайрылгандар арбын. Аларга да мындай оор убакта кол сунабыз.

— Коронавируска байланышкан кырдаалдан чочулаган жоксузбу?

— Жок. Менимче, кыргызстандыктар коронавирустун өзүнө караганда коронастресстен көбүрөөк жабыр тартууда. Мунун баары жакында бүтөрүнө ишенем.

Кыргызстандык инженер Санжар Жумабековдун маегине да бир жүгүртүңүз. Азыр бул замандашыбыз жасалма дем алдыруучу аппараттын арзан аналогун жасоо менен алек.