Аталган оорукананын дарыгерлери эки айдан ашык убакыттан бери балдарын, жакындарын көрө элек. Sputnik Кыргызстан агенттиги пандемия маалындагы медиктердин абалы, ооруканадагы кырдаал тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев менен маек даярдаган.
— Биз билгенден оорукананын дарыгерлери өлкөдө коронавирус катталгандан бери үйүңүздөргө барбай иштеп жатасыздар?
— Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы Кытайда коронавирус катталгандан баштап эле даярдык көрө баштаганбыз. Негизинен январь айынын аягында биздин ооруканага коронавируска шектелгендер түшө баштаган. Ал үчүн атайын бокс бөлүмүнө койка даярдаганбыз. 23-марттан баштап биздин оорукана карантиндик режимге өтүп, кызматкерлер чыга албай калышты. Ушуга чейин 160 медик иштеп жаткан, азыр алардын санын 200гө чыгардык. Себеби учурда оорулуулар көбөйүп, резервдеги кызматкерлерди да чакырууга туура келди.
— Медиктердин арасында чарчап же вирустан коркуп ишин таштап кеткендер болдубу?
— Ушул аралыкта балдарын көрбөгөн медик энелерге эки эсе кыйын болуп турса керек...
— Карантиндик аймакта иштегендиктен, үйгө барууга болбойт. Себеби оору жуктургандар менен дайыма байланыштабыз. Биздин оорукананын өзгөчөлүгү короонун ичинде он бөлүм бар. Ушул он бөлүмдө тең коронавирус жуктургандар жатат. Башка тармактык дарыгерлер, ошол эле мобилдик топтор, эпидемиологдор вирус жуктургандар менен бир гана жолу жолугушат. Ошол себептен кесиптештеримдин жакындарына, жолдошторуна, ата-энесине рахмат айткым келет. Беш-алты жашар балдары бар жаш медайымдарга ыраазымын. Алардын балдары да апасын эки айдан бери көрө элек.
— Сиз деле үйүңүзгө бара элексиз да, өзгөчө неберелериңизди аябай сагынсаңыз керек?
— Ооба, албетте сагынасың. Технологиянын өнүккөнү бизге ушу тапта жакшы болуп турат. Скайп аркылуу үйдөгүлөр менен сүйлөшүп, балдарыма, неберелериме болгон сагынычымды таратам. Неберелерим көп учурда сагынып, неге келбей жатканымды сурашат. Аларга жумушта экенимди айтып, кабинетимди, жумуш ордумду көрсөтсөм, анан "аа, чын эле атабыз жумушта жүргөн турбайбы" деп тынчып калышат. Үйдөгүлөр менен телефон, интернет аркылуу сүйлөшүп турам. Эми бул биздин жумушубуз, кызматтык милдетибиз. Мамлекетибизге жардам беришибиз керек. Бирок баары бир балдарды ойлоп, сагынат экенсиң.
— Коргоочу костюмду кийип жүргөндө кандай абалда болосуңар? Оор болсо керек?
— Бир костюм төрт сааттан алты саатка чейин кийилет. Аны кийип жүрүү да өтө татаал. Жакында эле биздин жандандыруу бөлүмүнө Улуттук госпиталдан консультацияга отоларинголог Владимир Пак келди. Ал болгону костюмду эки-үч саат гана кийди. Андан кийин коргоочу костюм кийгендеги сезимдерин, абалын социалдык тармакта өтө жеткиликтүү сүрөттөп бериптир.
— Өткөндө коронавирустан медицина кызматкери каза болду. Бейтаптар кайтыш болуп калганда кандай абалда болдуңуз?
— Коронавирустун дагы бир өзгөчөлүгү — аз убакыттын ичинде эле оору күчөп кетип жатат. Айрым бейтаптар бизге эч кандай оорунун клиникалык белгилери жок келет да вируска ишенбей баштайт. Алардын ичинен кээ бири медиктер менен урушуп, дары ичпей "эмне бизден коркутуп жатасыңар, жөн эле жаткырдыңар" деп чуу салышат. Арадан эки күн өткөндөн кийин ошондой бейтаптардын эки-үчөө дем алуусу кыйындап, кычкылтекке кошулуп, жандандыруу бөлүмүнө жатып калышты. Ошондо гана бул илдетке көз карашы өзгөрүп, медиктерге мамилеси оңолуп жатат. Бейтаптар сакайып, үйлөрүнө аман-эсен чыгып кетсе дейбиз. Кайтыш болуп калганда, албете, кейийбиз. Жаман болосуң. Өзгөчө дарыгер кесиптешибиз көз жумганда жаман болдук. Мукар Шалтаковичтин да кайтыш болуп калганы оор тийди. Коронавирус өнөкөт ооруларды козгоп бир гана дем алуу органдарына таасир тийгизбестен, башка органдарды да оорутуп, күчөтөт экен. Бейтаптардын каза болушуна ушул нерсе себеп болуп жатат. Жашы өтүп калган же жыйырма күндүк ымыркайлар келет. Ошолор айыгып чыгып кетип баратканда маанайыбыз көтөрүлүп, сүйүнүп калабыз.
— Ушул мезгил аралыгында эң кыйын күндү же окуяны айта аласызбы?
— Эң оор күн 9-май болду. Себеби 7-майда Соль-Илецкиден келгендерден бир убакта 58 адамды кабыл алдык. Эс алуудагы дарыгерлерден бери жумушка чыгып жардамдашышты. Оорукананын жамааты бүт иштеди. Сырттан келгендерге бардык шартын түзүп, бөпөлөп карап жатсак да дарыгерлерге жасаган мамилеси абдан кейитти. Арасында эки-үч тартиби жок тентек балдары бар экен, эшиктерибизди тепкилеп талкалап, терезелерди сындырып "сыртка чыгабыз" деп айлабызды кетирген.
— Эмнеге таң калдыңыз?
— Коронавирус биздин медицинадагы кандай кемчиликтерди көрсөттү?
— Саламаттык сактоо тармагында реформа жүргүзүлүп, чет мамлекеттен келген жана жергиликтүү консультанттар кеңеш берип жатканда жугуштуу оорулар тууралуу маселелер жетишерлик эске алынбай, ага көңүл бурулбай калыптыр. Чынын айтуу керек. Кыргызстанда жугуштуу оорулар боюнча 1 800 койка бар. Алардын ичинен жалгыз өз алдынча иш алып барган 400 орундуу оорукана биз элебиз. Башка ооруканаларда болгону жугуштуу оорулар бөлүмдөрү бар. Алар деле калдык принцибинде каржыланып, жетишерлик көңүл бурулбай, керек болсо оңдоо иштери да тыңгылыктуу жасалбай калган. Бул багытта адистерди даярдоо иши да аксап турат. Мындан ары министрлик тарабынан ушул жагына көңүл бурулат го деп ойлоп жатам.
— Өлкөдө ар кандай жугуштуу вирустарды иликтеп жана тактоо жагы да аксай турганы, окумуштуу адистердин жетишпестиги да айтылууда...
— Албетте, вирусту иликтеп тактоо иштеринде кыйынчылыктар бар. Бул жагынан бизге жаңы аппараттар, техникалык жабдуу керек. Вирус жаңы башталганда Россия ПЦР–тесттерди берип, алгачкы тепкичтен өтүп кеттик. Коронавирус биз үчүн чоң сабак болду. Саламаттык сактоо министрлиги бул жагына абдан көңүл буруусу керек. Жугуштуу оорулар олуттуу нерсе экенин көрдүк. Илгерки кара тумоо, холера каптаган мезгилдей эле коронавирустун кесепети да дүйнө жүзүн сестентип койду.
— Оорунун очогунда жүргөн адам катары сиздин байкооңузда вирустун мизи Кыргызстанда качан кайткыдай?
— Чет жерден келген мекендештерден коронавирус аныкталбаганда, майдын аягы менен басаңдап, бир топко чейин азайып да калмак. Мигранттарды ушундай эле тартип менен обсервацияга алып, клиникалык белгиси барларды изолятордо дарылап турсак, июндун ортосунда абал жеңилдеп, оору басаңдап калат деп үмүт артып жатабыз.
— Илдеттен арылып, колуңуз бошогондо эмне кылам деп кыялданып жатасыз?
— Жок дегенде эки күн эч нерсени ойлонбой уктагым келип жатат. "Канча бейтап келер экен, абалдары кандай, оор абалда дарыланып жаткандар эмне болду, кызматкерлерим жуктуруп албаса экен" деп тынчсызданбай, эч нерсеге кабатырланбай тынч уктоону кыялданып жатам. Анүчүн биз бул ооруну жеңишибиз керек.