Кыргызстанда кызмат көрсөтүү боюнча эки уникалдуу тиркеме иштелип чыкты

Мамлекеттик каттоо кызматы бул тиркемелерди тесттик режимде ишке киргизип жатканын билдирип, ага катышууну каалаган бардык жарандарды кызматташууга чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча уникалдуу мобилдик тиркемелер иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Алардын аталышы — iGov жана Sanarip ID. Ошондой эле эми кыргызстандыктар санарип айдоочулук күбөлүк жана булут санариптик кол тамгасын колдоно алат.

Тиркемелер Android жана iOS операциялык системаларынын базасында иштейт.

"Унаа" ишканасы менен 20 калкты тейлөө борбору ишин жандантты
iGov жана Sanarip ID тиркемелери аркылуу кыргызстандыктар өзүнүн санарип кол тамгасын пайдаланып бардык мамлекеттик кызматтарды колдоно алат. Мисалы, мектепке же ооруканага кезекке жазылса болот. Мындан тышкары, банктык кызматтарды, электрондук капчыктарды, жол инспекторлоруна айдоочулук күбөлүгүн жана транспорттун каттоосу боюнча күбөлүктү көрсөтө алат.

Мамкаттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдин айтымында, iGov — Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен мамлекеттик органга тиешелүү алгачкы тиркеме.

Бул система азырынча мамлекеттик кызматтарды, келечекте банк жана башка жеке тартиптеги электрондук кызматтарды пайдаланууга шарт түзөт.

"Смартфондогу санарип айдоочулук күбөлүктө уникалдык QR-код болот. Аны ачкан сайын үч мүнөткө автивдүү болуп турат. Бул аралыкта жол инспекторлору аны планшет аркылуу текшеришет", — деп айтылат билдирүүдө.

Тыгылып кирип... Бишкектеги калкты тейлөө борборунан тартылган видео
Тиркемеде ар бир жарандын бекем корголгон жеке кабинети болот. Жаран ага булут аркылуу катталып, кире алат.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул тиркемелерди тесттик режимде ишке киргизип жатканын билдирип, ага катышууну каалаган бардык жарандарды кызматташууга чакырат. Тесттик режим аяктаганга чейин жаран тиркеменин ишин жакшыртуу боюнча өз сунуштарын бере алары айтылды.