Кооптонуу бар! Соль-Илецкиден Таласка баргандар дагы бир жума обсервацияда болот

Соль-Илецк шаарынан алып келинип, "Семетей" обсервациясында чыр-чатактан кийин чыгарылгандар Таласка барганда кайра карантинге алынган. Эми алардын мөөнөтү узарды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россиянын Соль-Илецк шаарынан Таласка барган 58 киши (экөө айдоочу) кечээ күндөн тарта дагы бир жума обсервация жайында кармалмай болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Таластагы координатору Айжамал Шамбетова билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди облустук штаб башка аймактарда Соль-Илецкиден келгендердин арасынан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу кооптонуп, кабыл алган.

"Жарандар буга чейин Таластан беш күндүк карантинге алынганда ПЦР-тест тапшырышып, бардыгыныкы таза чыкты. Күн сайын Соль-Илецкиден келгендерден вирус аныкталып жатат. Ошондуктан алардан дагы бир жолу ПЦР-тест алынып, бир жумадан кийин үйүнө жиберилет. Анын үстүнө тесттер менен бир-эки жолу текшергенде таза чыгып, кийинки анализде вирус аныкталган учурлар болуп жатат. Бул штабдын курамындагы эпидемиологдор менен биргеликте чечилди. Жаткандарды деле түшүнүп турабыз, бирок элдин саламаттыгы үчүн кооптонуу болуп жатат. Кечээ, ишемби күнү, кечке чейин жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, макул кылдырттык", — деди Шамбетова.

Ал ошондой эле айрымдар обсервациянын шарты начар деп ЖМКларга даттанганын айтып, бул чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"Ачка жатабыз дегендери чын эмес. Үч маал ысык тамак берилет, шейшептери таптаза. Ар кимдин табити ар кандай, ага жараша биз тамак бере албайт экенбиз. Негизи сырттан тамак киргизбейбиз. Кечээ, айт күнү, туугандары сурангандан медиктер аркылуу киргизип бердик. Кир жууган машина да коюп бергенбиз. Ооба, балдардын чыдамы кетти, алар менен иштешкен бизге деле кыйын болууда. Айрымдары ички тартиптип сактабай, эшикке чыкканга аракет кылышат. Бирок түшүнүшүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди министрликтин Таластагы өкүлү.

Талас башчысы Мураталиев: карантинге алынгандарды эч ким уруп-сабаган эмес
Эске сала кетсек, 18-майда Соль-Илецкиден алып келинип, "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган. Республикалык штабдын алгоритмине ылайык, ал жактагы 432 адамдын 19у гана обсервацияда калып, калганы үй карантинине жиберилген.

Анын арасындагы 56 жаран жана аларды ташып барган эки айдоочу Таласка кирери менен беш күндүк карантинге алынган. Алардын айрымдары талаптарга баш ийбегендиктен күч менен обсервацияга алууга туура келген.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Талас облусунда коронавируска чалдыккандар жок.