Ар тараптуу, изденүүнүн үстүндө гана жүргөн жаш жигит менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маек куруп, IT тармагы жөнүндө баарлашты.
— Сиз студент кезиңизде эле коомдук иштерге активдүү катышып, ишкерлик менен алектенип жүргөн экенсиз. Каякта чоңоюп, кайсы жогорку окуу жайды аяктагансыз?
— Анан кантип IT тармагына аралашып, жеке компания ачып калдыңыз?
— Бул тармакка көптөн бери кызыгып жүрчүмүн. Жети жыл мурда ишкерлик менен алектенип жүрүп бизнес-өнөктөшүм Никита Рыжов менен таанышып, кийин катташып калдык. 2019-жылдын башында экөөбүз жолугуп, алдыга коюлган пландар жөнүндө сүйлөшүп отурганбыз. Чет элдиктер да пайдаланчу, сатып ала турган продукция чыгаруу боюнча ойлор ортого салынып, FitJab аталышындагы тиркемени жасап чыгуунун алгачкы аракеттерин баштаганбыз.
— Негизи тиркеме кимдерге ылайыкталган жана адамдарга кандай кызмат көрсөтөт?
— Тиркеме атайын мусулман аялдар үчүн жасалган. Анын жардамы менен үй шартында эле спорт менен алектенип, сергек жашоо образын жүргүзүүгө болот. Ислам дини боюнча аялдар менен эркектер бир залда чогуу спорт менен машыга албайт. Дүйнө жүзүндө спорт залдар жетишсиз, көптөгөн мусулман кыз-келиндер ден соолугун чыңдай албайт. Тиркемеде шарияттагы талаптарды эске алган видеокөнүгүү, атайын функциялар бар. Эл ичинде намаз окуган аял бала тарбиялап, тамак жасап керээли-кечке үйдө отурат деген ой калыптанып калган. Биздин максат — ошол стереотипти жок кылып, аларды спорт менен жашоого үндөө.
— Тиркемени канча убакытта иштеп чыктыңыздар?
— Учурда компанияңызда канча адам иштеп жатат?
— Бизди Кыргызстандан чыккан компания деп таанытуу эң негизги талаптарыбыздын бири болгон. Муну менен өлкө аймагында отуруп алып эле дүйнөлүк деңгээлдеги продукт жасоого мүмкүн экендигин көрсөтөлү дегенбиз. Компания АКШнын Делавэр штатында катталган. Бизде көбүнчө кыргызстандык адистер иштейт, украиналык кесиптештер жарнама, маркетинг боюнча иш алып барат. Ошол эле маалда Россия, АКШ, Улуу Британия, Египет, Малайзиянын жарандары менен дагы кызматташабыз. Орточо 15 адам иштейт, бирок кээде алардын саны аткарган жумуштун көлөмүнө жараша көбөйүп да кетет.
— Буга чейин компанияны саткыла деген сунуштар түшсө керек?
— Биз чет өлкөдөгү иш-чараларга катышканы барганда сатып алуу ниетин билдирип арабдар көп кайрылды. Алардын сунуштаган акчасы да жакшы. Биз алардын бардыгынан баш тартып жатабыз. Себеби баштаган ишибизди соңуна чыгарып, дүйнөлүк деңгээлде таанылган, колдонулган нерсеге жеткиришибиз керек. Жаңыдан өз ордун таап келе жаткан ишибизди бирөөгө берип салгыбыз келбейт.
— Тиркемеңиздердин келечеги кенен болчудай экен. Эми алдыда кандай пландар бар?
— Пландар көп, эң негизгиси — дүйнөдөгү мусулман кыз-келиндерге тиркеменин жардамы менен сергек жашоого жардам берүү. Азыр FitJab тиркемебиздин алдындагы онлайн-платформаны иштеп жатабыз. Келечекте жасай турган жумуш, идеялар арбын. Эми элестетсеңер, адал тамактануу, диета, кыздардын шариятка туура келген спорттук кийимдерин иштеп чыгуудан баштап, ал аялдардын дүйнөлүк деңгээлдеги марафондорун уюштурууга чейинки иштерди жасоого мүмкүн. Буюрса, далалат кылып көп тармакты камтыган ишмердүүлүктү баштаса болот.
— Кыргызстанда түрдүү долбоорлорду ишке ашырып, ишкерлик менен алектенүүгө мүмкүнчүлүктөр көп эле экен да?
— Азыр адам кайда гана болбосун, аны мүмкүнчүлүктөр коштоп жүрөт. Ошону пайдаланып, максаттарга жетүү үчүн алдыга умтулуп тобокелчиликке да салуу керек. Кээ бир иштер узак убакыттан кийин гана жыйынтык бере баштайт. Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөр арбын эле.
— Менимче, сиз көпчүлүк кыргызстандыктарга үлгү боло аласыз, жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Мен кеңеш берүүдө өтө абайлайм. Себеби адам өзүнүн жеке тажрыйбасына таянып кеңеш берет. Мен жаштарга төрт нерсени баса белгилеп айтат элем.
Экинчиден, адам өзүнө эмне жага тургандыгын толук түшүнүп, кызыгуусун изилдеши керек. Качан адам өзү шыктанган, кызыккан иштер менен алектенсе сөзсүз жыйынтык чыгып, анын аракеттери ырахат менен коштолот.
Үчүнчүдөн, баарлашууга жакын болгула. Таанышуудан, сүйлөшүүдөн, жөнөкөй эле суроолорду берүүдөн такыр коркпогула.
Төртүнчүдөн, англис тилин өздөштүргүлө, аны бир нече айда эле үйрөнүп алууга болот.