Экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү качан кайда коюлары айтылды

24-майда Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев кайтыш болду. Ал коронавирус жугузуп алган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү 25-майда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу экс-төраганын кызы Нурила Чекирова билдирди.

Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктады.

Эске салсак, бүгүн, 24-майда, Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев 70 жаш курагында кайтыш болду. Ал коронавирус жугузуп алган.

"Атам коомдук ишмер болгондуктан сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары айтылды. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10:00дө болуп, ага жакындары эле катышат", — деди Чекирова.

Буга чейин Чолпонбаевдин ооруга чалдыгып, бирок абалы жакшы болуп калганы маалымдалган эле.

Жаназасына араң жетиштим! Коронавирус жугуп каза болгон медиктин уулу менен маек
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1403 болуп, 980 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он беш кишинин өмүрүн алды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.