Дүйнөдө нефтинин баасы бир ай ичиндеги рекордун койду

Быйыл ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишими бузулуп, натыйжада Brent жана WTI маркаларынын наркы кыйла арзандаган. Экинчи жагынан нефтинин арзандап кетишине пандемия шартында чектөөлөрдүн киргизилиши да себеп болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Brent үлгүсүндөгү мунайдын июль айында сатыла турган партиясына коюлган баа 13-апрелден берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бишкек убактысы боюнча саат 5.03тө бир баррель 33,36 долларга бааланды. Бул акыркы соодалашуулардан кийинки баадан 1,61 пайыз жогору дегенди билдирет.

Карантиндик чектөөлөр азайган сайын нефтинин баасы өсүп бара жатат
Белгилей кетсек, быйыл ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишими бузулуп, натыйжада Brent жана WTI маркаларынын наркы кыйла арзандаган. Экинчи жагынан нефтинин арзандап кетишине пандемия шартында чектөөлөрдүн киргизилиши да себеп болгон.

Дүйнөдө нефтиге болгон баанын түшүп кетиши Кыргызстанга кандай таасир тийгизери боюнча вице-премьер Эркин Асрандиевдин түшүндүрмөсүн Sputnik агенттигинин материалынан окуп таанышсаңыз болот.