Инфекция таратат! Үй ичиндеги чымындардын зыяны айтылды

Профессор чымын менен күрөшүүчү эң натыйжалуу ыкма тазалык менен санитария экенин белгилеп, бүгүнкү күндө зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүү үчүн бир катар эффективдүү каражаттар бар экенин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Чымындардын эң эле зыяндуусу — үй ичинде учуп жүргөндөрү. Бул тууралуу Sputnik радиосуна Роспотребнадзордун Дезинфектология институтунун лаборатория жетекчиси, биология илимдеринин доктору, профессор Светлана Рославцева айтып берди.

Анын айтымында, чымындын тумшугунда, шилекейинде жана ичеги-карынында дарт козгогучтар сакталып жүрүшү мүмкүн.

"Биринчиден, чымындар ичеги-карын инфекцияларын, өзгөчө холера оорусун таратуучу болуп саналат. Андан тышкары, сальмонеллез жана башка вирустарды таратат. Бирок мунун коронавируска тиешеси жок. Аденовирусту, көздүн ар кандай вирустук илдеттерин, гельминттин личинкаларын алып жүрөт", — деди Рославцева.

Батыралиев: COVID-19 такыр жок болуп кетпейт, эми аны менен жашайбыз
Профессор чымын менен күрөшүүчү эң натыйжалуу ыкма тазалык менен санитария экенин белгиледи.

"Биз биринчи кезекте тамак-аш калдыгын төккөн жерлерди тазалоону эскертебиз. Анткени чымындар дал ушул жерде көбөйөт. Личинкаларды жок кылуу үчүн чиринди үйүлгөн жерди да тазалаш керек. Инсектициддердин арасынан хлорофосту сунуштайбыз", — деди адис.

Рославцева бүгүнкү күндө зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүү үчүн бир катар эффективдүү каражаттар бар экенин эскертти.