БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Акыркы эки күндө Россиянын Санкт-Петербург шаарынан 312 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
“14-майда “Авиа Траффик” компаниясынын учагы Санкт-Петербург — Бишкек чартердик каттамын аткарып, 156 жаранды мекенине алып келди. Эртеси күнү ушул эле маршрут менен Tez Jet компаниясынын учагы дагы 156 кишини Кыргызстанга жеткирди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков май айынын ичинде сыртта жүргөн 1 миңдей жаранды мекенине алып келүү пландалып жатканын билдирген.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кырдаал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, сүрөт жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантууда.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.