Бишкекке келбей тургула! Мэрия башка аймактын жашоочуларынан суранды

Бүгүнкү күндө борбор калаада коронавирустун 110 очогу бар, оору жуктурган адамдардын саны 228ди түзөт. Аймактар боюнча ооругандар Бишкекте арбын.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда башка аймактын тургундарын борбор калаага келбей тургула деп суранды.

"Карантин бүтүп, эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин башка аймактарда жашаган тургундарды жүйөлүү себепсиз борбор калаага келүүдөн кармана турууну суранабыз", — деп кайрылды вице-мэр.

Ошондой эле ал Бишкектин тургундары жана конокторунан коронавирустун алдын алуу чараларын так сактоого чакырды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда 16-майга карата коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Чет өлкөдөн кайткан жарандар текшерүүгө кантип алынарын штабдан айтып беришти
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.