БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус жуктурганы аныкталган алты адамдын үчөө чет өлкөдөн жүк ташып иштеген айдоочулар болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Мындан сырткары өлкөгө тактай ташып келген Казакстандын бир жаранынан да аныкталган. Ал чек арадан кайра чыгып кеткендиктен Кордай районунун медицина кызматкерлерине маалымат берилген.
Калган үчөө өлкө ичинде коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон адамдар.
Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери өткөн суткада 3334 анализге лабораториялык изилдөө жүргүзүп, 6 адамдан инфекция таап чыгышкан.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.