БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Республикалык штаб чет өлкөдөн кайтып келген Кыргызстандын жарандары боюнча иш-аракеттер алгоритмин түшүндүрүп берди.
Маалыматка ылайык, алгоритм боюнча алгач чет өлкөдөн келип жаткан жарандардан COVID-19 вирусуна ПЦР-диагностикага анализдер алынат.
"Ошондон тарта үч күн бою алар карантиндик зонада болушат. Эгерде анализи терс болуп, адам вирус жуктургандарга байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал үй карантинине жиберилет. Бирок бардык эрежелерди жана талаптарды сактоо милдетин алат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.
Ал эми анализдин жыйынтыгы коронавирустун бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга, ал эми анализи терс болуп, бирок байланышта болгон адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга жаткырылат.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү чет өлкөлөрдөн жүздөгөн кыргызстандыктар кайтарылды. Буга чейин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков май айынын ичинде сыртта жүргөн 1 миңдей жаранды мекенине алып келүү пландалып жатканын билдирген эле.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.
Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кырдаал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, сүрөт жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантууда.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.