Саламатсыздарбы! Мен студентмин, Бишкекте 2-курста окуйм. Ата-энем алыскы райондордун бириндеги айылда турат. Турмуштары жакшы эле. Азыр карантинге байланыштуу айылда ата-энемдин жанындамын. Онлайн окуп жатам. Жакындарымдын жанында жүргөнүм жакшы, бирок апам менен жеңемдин мамилесинен тажап кеттим, көкөйүмө көк таштай тийишти. Апама болушуп жеңем менен уруша кетейин десем, кийин ата-энем карыганда төркүнүмө келсем, күйөөмдүн көзүнчө жеңем кагып-силкип батырбай коёбу деп корком. Экинчиден, мен сүйлөсөм эле уруш андан ары күчөчүдөй. Чынын айтсам, мектепте окуп жүргөндө эле мындай көйгөй бар болчу. Апама болушуп жеңем менен айтыша кеткен күндөр болгон.
Апам чай ичкенде артта калып калса, жеңем чай куюп бербей туруп кетет. Ушул убакка чейин бир дагы жолу кийим-кечесин жууп бергенин көргөнүм жок. Мындайча айтканда тоготпойт. Апамдын абалына ушунчалык жүрөгүм ооруйт. Кудайдан "апам карыганда кор болбосо экен" деп тиленем.
Эми экөөнүн урушунун себеби деле күнүмдүк көр оокат. Апам аябай сарамжалдуу аял, жеңем жаш келгенгеби тамак-ашты ысырап кылып көп ыргытат.
"Тамак-ашты сарамжалдуу карма, тигини мындай жаса, муну эмнеге ыргытып салдың?", – деп келинине айтса, ал ага кулак салбайт же тескери жасайт. Ачуусу келген апам урушат.
Жеңемдин дагы бир жерин байкадым, атамдын көзүнчө кыялынын бирин көрсөтпөйт экен. Илбериңки болуп чыга келет.
Үйдө эркектерибиз жокто апам менен ажылдашып айтышып жатса, унчукпай отурганыма өзүмдү да күнөөлөйм. Менден башка бирөө болсо башкача кылмак беле? Кантип?
Айлам кеткенде апама "эмне кылса ошо кылсын, унчукпай эле коюңузчу. Бул ага калат, анын оокаты. Өзүңүздү караңызчы", – деп айтам. Бир чети ал деле ушуга чейин жыйган оокатын кантип таштап салмак эле. Аны түшүнүп турам, айласыздыктан айткан сөзүм да. Кийинки кезде апам, байкушум, биринчи унчукпай калчу болуптур. Анысын көрүп да жүрөгүм ооруп кетчү болду. Ким эле энесинин кагуу жеп отуруп калышын кааласын.
Эмне кыларымды билбей калдым. Шаарда жүрсөм деле ушул ой мээмди жеп, жүрөгүмдү оорутат. Мага кеңеш бергилечи.
Гүлнара Жасоолова, психолог:
--Кыздын катында илгертен келе жаткан кайнене менен келиндин мамилеси чагылдырылган экен. Эки адамдын ортосундагы түшүнбөстүктөрдөн келип чыккан уруштан башка үй-бүлө мүчөлөрү да жабыркайт. Мындай кырдаалда алгач кайнене менен келин өздөрү түшүнүшүп, ортодогу мамилесин жумшартпаса, үчүнчү адам эч нерсе кыла албайт. Сиз туура эле кылып жатасыз. Апаңызга бооруңуз ооруп, жан тартып урушка аралашсаңыз – чыр-чатак күчөйт. Анын акыры эмне менен бүтөрүн эч ким айта албайт. Эгерде жеңеңиз менен жеке мамилеңиз жакшы болсо аны уланта бериңиз. Адамдар бири-бирине күзгү. Ортодогу мамиле эки тараптуу чагылышат. Ошентсе да бул үй-бүлөдө өтө олуттуу деле чыр-чатак, талаш жок. Туура байкагансыз. Апаңыз менен жеңеңиз эки башка типтеги адамдар экен. Адатта, энеси менен келинчегинин пикири келишпесе - эркек көп жабыр тартып калат. Ал бирөөсүнүн баласы, экинчисинин өмүрлүк жары.
Ага чейин айтарым, келин күйөөсүн жакшы көрүп, аны сыйлап, үй-бүлөсүн барктаса көп нерсеге түшүнүү менен мамиле кылып, энесине дагы жакшы мамиле кылганы туура.
Ал эми каттын ээсине айтарым эч качан апаңызга болушуп чыкпаңыз. Болгону жеңеңиз менен жай отуруп "апама түшүнүү менен жакшы мамиле кыла аласызбы" деп сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз. Балким, энеңизге тартып, жеңеңиздин жакшы жагын көрө албай жаткандырсыз. Ошондой да болот. Ар бир адамдын күчтүү жана алсыз жагы бар. Адам өзү жакын санаалашынын катасын көрбөй калат. Ошондуктан апаңызга дагы "мен да бирөөнүн үйүнө келин болсом, мага ушинтип мамиле кылса кандай болот?" деп айтып көрүңүз. Ушундай аракеттерден кийин, балким, эки адам түшүнүшүп, бир аз үйдөгү чыңалуу басаңдап калар. Жеңеңиз жаш экен, өзү баарын анализдеп, абалды калчап көрсүн.