Эртең өзгөчө абал аяктаса, облустарга кирип-чыгууга уруксат берилеби?

Өкмөт башчы санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо менен гана инфекцияны жеңүүгө болорун белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү бүгүн саат 00.00дө аяктап, Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режими уланат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калып, көзөмөл күчөтүлө турганын айтты.

“22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаалдар режими улана берет. Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштейт. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт”, — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты так сактоонун негизинде гана бул инфекцияны жеңүүгө болорун кошумчалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн таңкы 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген болчу.

Өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаал режиминин айырмасын Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар. 

Коронавирустун кесепети

Эртеңден тарта коменданттык саат токтотулабы? Өкмөттүн жообу
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1002ге жетип, анын ичинен 675и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.