Коомдук транспорт иштебей турган болду. Өкмөттүн чечими

Буга чейин 11-майдан тарта коомдук транспорт, башкача айтканда, автобус, троллейбустар иштей турганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталып жаткандыктан, коомдук транспорт азырынча ишке киргизилбей турган болду. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

“Коомдук транспорт азырынча ишке киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат”, — деди Абылгазиев.

Өкмөттөн билдиришкендей, коомдук транспорт эпидемиологиялык абал турукташканга чейин жүрбөйт. Ошондой эле чектөөлөр облустук аралык каттамдарды аткарган автоунааларга дагы тиешелүү.

Эске салсак, буга чейин 11-майдан тарта БишкекОш шаарларында коомдук транспорт, башкача айтканда, автобус, троллейбустар иштей баштаары айтылган.

Азыркы абал

11-майдан тарта ишке кире турган ишканалардын тизмеси
Акыркы суткада дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 16сы өлкө аймагында жүрүп жуктургандар болсо, 55и Соль-Илецкиден келгендер. 10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун учуру 1002ге жетти. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.