БИШКЕК, 10-май – Sputnik. Соль-Илецкиден алып келингендердин арасында карантиндик режимге баш ийбей жаткандар бар. Бул – акмакчылык. Мындай билдирүүнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Соль-Илецкиден алып келинген мигранттардын ичинен карантиндик режимге баш ийбей жаткандар бар. Эреже бузулуп, ал тургай качканга арекеттер болгон. Тартипти сактоо үчүн милиция тартылды. Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Мигранттар өзүнүн ата-энесин, туугандарын, тааныштарын кооптуулукка кептегенин түшүнбөй жатышат", - деди Орозалиев.
Ал санитардык-карантиндик тартипти сактабай жаткандар өлкөдө оорунун экинчи толкунун жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
"Биз аны каалабайбыз", - деген комендант.
Эске салсак, акыркы суткада дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 16сы өлкө аймагында жүрүп жуктургандар болсо, 55и — Соль-Илецкиден келгендер. 10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун учуру 1002ге жетти. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик баяндама берип жатат.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.