Оренбургдан келген 55 жарандан COVID-19 чыкты. Алар жаңжал чыгарганы айтылды

Мындан үч күн мурда алып келинген 541 мекендештин баары обсервацияга жаткырылып, анализ алынгандан кийин алардан вирус аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк районунан алып келинген 55 кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 7-майда бир айдан ашык Казакстандын чек арасынан өтө албай кармалып турган 541 мекендеш автобус менен Бишкекке алып келинген. Алардын баары обсервацияга жаткырылган болчу.

“Соль-Илецкиден Бишкекке чейин төрт күн жол жүрүшкөн. Автобуста тыгыз контакт болуп бири-бирине жугузуп алышкан. Жуктургандардын 40ы эркек, 15и аял. Алып келинген жарандар “Семетей” мейманканасындагы обсервацияга жаткырылган. Ошол эле учурда биз койгон талаптарга баш ийбей, обсервациянын тартиптерин бузуп жатканы өкүндүрүүдө. Жаман сөздөрдү айтып, медиктерди жөөлөп, туура эмес жагдайлар катталды. Мындан улам милиция кызматкерлерине кайрылууга аргасыз болдук. Алар үйүнө качып барып жакындарына, улгайган ата-энесине жугузарын түшүнбөй жатышат. Аларды таанып-билгендер, байланышка чыккандар болсо, силер дагы коркунуч бар экенин түшүндүрүп койсоңор деп суранат элек”, — деди Үсөнбаев.

Мындан сырткары, өткөн суткада Кыргызстандын аймактарынан дагы 16 адамдан COVID-19 аныкталды.

Коронавирустун кесепети

Ат-Башы: коронавируска текшерүүдөн тажаган эл нааразылык акцияга чыгышты
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1002ге жетип, анын ичинен 675и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды. 

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.