БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бүгүн, 8-майда, Улуттук онкология жана гематология борборундагы бир медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган медик менен жакын байланышта болгон башка кызматкерлер такталып, баарынан анализ алынды.
"Дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ооруканада 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу токтоду", — деп айтылат маалыматта.
Дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин оорукана штаттык тартипте иштей баштайт.
Кыргызстандагы коронавирус
Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.