Бүтүрүүчүлөр паспортту кантип алып жатышат? МККнын түшүндүрмөсү

Эпидемиялык кырдаалда бүтүрүүчүлөргө документ апрель айынын башында берилип баштаган. Паспорттор 21-майга чейин толук таратылып бүтөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы бул жылы бүтүрүүчүлөргө паспорт кантип берилип жатканын түшүндүрүп берди.

Маалыматка ылайык, эпидемиялык кырдаалда бүтүрүүчүлөргө документ апрель айынын башында берилип баштаган. Паспорттор 21-майга чейин толук таратылып бүтмөкчү.

Документ биринчи кезекте бүтүрүүчүлөр июндун аягындагы жалпы республикалык тестирлөөгө катышып калуусу үчүн таратылууда.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган тизмеге ылайык, өлкөдө 4500 бүтүрүүчү паспорт менен камсыз болушу керек.

"Каттоо кызматынын мобилдик топтору анкета толтуруу үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен кеңешип, айыл өкмөт, мектептерге барышат. Ал жактан алдын ала түзүлгөн тизме жана график боюнча санитардык талаптардын баарын сактап, бүтүрүүчүлөр менен жолугушууда. Документ даяр болгон соң аны окуучулар жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборлорунан алып жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда паспорт 16 жашка чыккандан кийин бериле баштайт.

Коронавирустун кесепети

ЖРТга каттоо башталды. Абитуриенттин эң көйгөйлүү 11 суроосуна жооп
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 895ке жетип, анын ичинен 637си айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.