Таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова көз жумду. Некролог

Сагибжамал Ходжибекованын жаркын элеси замандаштарынын жана музыка күйөрмандарынын эсинде түбөлүккө сакталат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кечээ, 5-майда, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлап, ага жазылган некрологду жарыялады.

Таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова көз жумду. Некролог

Маалыматка ылайык, опера ырчысы 68 жашында көз жумган.

"Сагибжамал Ходжибекованын ысымы кыргыз опера ырчыларынын арасында жогорку кадыр-баркка ээ болуп, эл сүймөнчүлүгүнө арзыган", — деп айтылат билдирүүдө.

Сагибжамал Ходжибекова 1952-жылы 29-февралда туулган. 1980-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп иштеп баштаган.

Ал мыкты опера ырчысы гана болбостон, образ жаратуу жагында өзүн мыкты көрсөтө алган. Ходжибекова чыгармачылыгында чоң "партияларды" гана аткарбастан, мыкты роль жаратып, ар бир чыгармада таанылгыс болуп өзгөчөлөнгөн.

Кылдат лирик, ойчул, терең акын эле... Зайырбек Ажыматовго жазылган некролог
Чыгармачылык жолунда ал "Саманчынын жолунда" Толгонайдын, "Русалкада" Наташанын, "Манаста" Каныкейдин, "Паяцыда" Недданын, "Тоскада" Тосканын, "Евгений Онегинде" Ларинанын, "Севилдик чач-тарачта" Бертанын, "Курманбекте" Канышайдын, жана "Аршин мал ланда" Веллинин ролун жогорку чеберчиликте аткарган.

Таланттуу ырчы 40 жылдан ашык өмүрүн чыгармачылыкка арнап, улуттук опера искусствосунун өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошту.

Сагибжамал Ходжибекованын жаркын элеси замандаштарынын жана музыка күйөрмандарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун өмүрлүк жары КР Эл артисти Керим Орузбаевге жана уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.