БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 35 адамдан коронавирус аныкталып, оору жуктуруп алгандардын жалпы саны 795ке жетти. Өткөн суткада катталган учурлардын 26сы Бишкектен чыкты. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, илдетке кабылгандардын ичинен 443ү аял киши, 387си эркек. Бүгүнкү күндө бейтаптардын 69,3 пайызы, тагыраак айтканда, 575и айыгып чыкты. Тилекке каршы, вирус 10 кишинин өмүрүн алып кетти. Алардын бири Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева.
Аймактар боюнча COVID-19 жуктургандардын саны:
- Бишкек шаарында — 231;
- Ош облусунда — 169;
- Жалал-Абад облусунда — 123;
- Ош шаарында — 113;
- Нарын облусунда — 98;
- Чүй облусунда — 72;
- Баткен облусунда — 14;
- Ысык-Көл облусунда — 10.
Ал эми Талас облусунда бир да учур каттала элек.
Учурда республиканын ооруканаларында 245 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 13 адам оор абалда, алтоо реанимацияда жатат. Орточо оор абалда – 47, канааттандырарлык абалда 185 бейтап. Ошондой эле 216 медик COVID-19 жугузуп алган, бүгүнкү күндө алардын 139у айыгып чыкты.
Коронавируска кабылгандардын жаш курагы:
- 15-жашка чейинки балдар — 113, анын алтоо бир жашка чыга элек ымыркай;
- 16-19 жаштагылар — 24;
- 20-35 жаштагылар — 242;
- 36-55 жаштагылар — 284;
- 56 жаштан жогоркулар — 167.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.