Боронов "Манас" аэропортундагы обсервация жайын көрдү. Сүрөттөр

Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, болжол менен 670 адамды жайгаштырууга эсептелген алты корпусту оңдоо иштери жүргүзүлдү. Кеп "Ганси" базасындагы обсервация тууралуу болуп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Манас" транзиттик ташуулар борборунун аймагындагы обсервациялык пунктуларды оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, болжол менен 670 адамды жайгаштырууга эсептелген алты корпус оңдолду.

"Палаталар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет. Бул имараттарды обсервация катары пайдаланууга болот. Ошондой эле аларга оорусу жеңил өтүп жаткан же тиешелүү медициналык көзөмөл үчүн илдеттин белгилери билинбеген бейтаптарды жайгаштырууга ыңгайлуу", - деди Боронов.

Мэрия: буулугуп бүттүк, чыдайлы, себеби кооптуу абалга келип калдык
Эки адамга эсептелген ар бир даараткана, душ жана ысык тамак берүү үчүн атайы терезелер бар. Мындан тышкары, медицина кызматкерлери үчүн имараттар каралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Саламаттык сактоо министрлигине пункттарды тийиштүү жабдуулар, инвентарлар менен толук камсыздоо тапшырмалары берилди.

Кыргызстанда бүгүн дагы 26 адам вирус жуктуруп, алардын жалпы саны 795ке жетти. Буга чейин 10 адам каза болгон. COVID-19 алып кеткендердин ичинде медицина кызматкери да бар.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.