Акыркы суткада коронавирустан 37 адам айыгып чыкты. Алар жашаган аймактар

Бүгүн дагы 26 адам вирус жуктуруп, жалпы саны 795 болду. Ал эми сакайып чыккандардын саны 564кө жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Акыркы суткада коронавирус жуктургандардын арасынан 37 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, тагыраагы, 21 киши. Ош облусунан – 1, Жалал-Абадда — 1, Нарында — 6, Баткенде  эки жана Ош шаарында эки жаран”, — деди Акматова.

Жалпы сакайып чыккандардын саны — 564.

Бүгүн дагы 26 адам вирус жуктуруп, жалпы саны 795ке жетти.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.