Көбү Нарындан. Өлкөдө дагы 23 бейтап вирусту жеңип, ооруканадан чыкты

Ушуну менен коронавирустан айыгып чыгарылгандардын саны 527 болду. Бул жалпы оорулуулардын жарымынан көбү илдетти жеңгенин билдирет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Вирустан сакайгандар төмөнкү аймактардан:

  • Бишкек шаары — 9;
  • Ош облусу — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Нарын облусу — 11.

Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 527 болду. Бул жалпы оорулуулардын жарымынан көбү илдетти жеңгенин билдирет. Коронавирус өлкөдө 769 кишиде катталган.