БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкекте "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери ички блокпостторду алып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"1-майга караган түнү бардык ички посттор алып салынат. Жөө жана автоунаадагы кайгуулдар шаардын бардык аймагында ишин уланта берет", — деп айтылат билдирмеде.
Ошол эле учурда кыймылга чектөө мурункудай эле болот. Зарыл жумушу жок сыртка чыкканга болбойт жана унаалардын өткөрмө кагаздары болушу керек.
Эске сала кетсек, эртеңден баштап өзгөчө абал кирген шаарларга коюлган блокпосттор алынарын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламенттин жыйынында билдирген.
Коронавирустун кесепети
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.