Жашаганга акчабыз калган жок. Вьетнамдагы мекендештер жардам сурады. Видео

Кыргызстандыктардын президентке жана өкмөткө жасаган видеокайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Вьетнамда кармалып турган 30га чукул кыргызстандык мекенге кайтууга жардам сурап жатат.

Алардын президентке жана өкмөткө жасаган видеокайрылуусу социалдык тармактарга жана "Короче" Telegram-каналына жарыяланган. Мекендештердин бири Жеңишбек Дамиров мекендештер 20-марттан бери кетүүгө аракет кылып жатышканын айтат. Арасында кош бойлуу келин дагы бар экенин белгилейт.

"Карантинге чейин эле кетишибиз керек болчу, бирок авиакаттамдар токтоп калды. Учакка алган билеттерибиз "күйүп" кетти. Көбүнүн жатаканага төлөөгө, тамак-аш алууга акчасы калган жок. Биз биримдикте болуп бири-бирибизди колдоп жатабыз, бирок мындан аркысына чыдай албайбыз", — деп кайрылат мекендеш.

Мындан улам аларды алып кетүүгө жана каттам уюштурулганга чейин каражат жагынан көмөктөшүүнү суранышууда.

Оренбургда турган кыргызстандыктарды өткөрүүгө Казакстан уруксат бериши мүмкүн
Дамировдун айтымында, Кыргызстандын Вьетнамда элчилиги жок, ТИМи жана консул кайрылуусуна жооп бере элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кыргызстандыктарды алып келүү иштери уланып жатканын, анын арасында Вьетнам дагы бар экенин билдирди. Азырынча кандай жол менен ишке ашырылары туурасында маалымат жок.

Бүгүн ТИМ башчысынын орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда кыргызстандыктар дүйнөнүн 58 мамлекетинен мекенге кайтууну каалап жатканын айткан. Алар менен консул, элчиликтер ар дайым байланышта болуп турууга аракет кылышарын белгилеген.