Трамп: Кытай коронавирусту ооздуктабаганы үчүн жоопкерчиликке тартылат

АКШлык журналисттердин айтымында, Германия чыгымдын ордун толтуруу максатында Кытайдан 30 миллиард евро талап кылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. АКШ Кытайды коронавирусту ооздуктай албай жайылтып ийди деп эсептеп, жоопкерчиликке тартуу боюнча варианттарды карап жатканын Дональд Трамп билдирди. Президенттин айткандарын РИА Новости жазып чыкты.

"Биз сыяктуу эле Германия дагы Кытайдын жоопкерчилигин, коронавирустан тарткан чыгымды ага айып катары төлөтүү варианттарын карап жатат. Азыр акыркы чечим кабыл алына элек, бирок биз Германиядан дагы көп акча талап кылабыз”, — деди Трамп кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып.

АКШлык журналисттердин айтымында, Германия чыгымдын ордун толтуруу максатында Кытайдан 30 миллиард евро талап кылууда.

Саясат таануучу: АКШ менен Кытайдын ортосунда саясий согуш башталышы мүмкүн
Эске салсак, америкалык ЖМКлар эң биринчи коронавирус жуктурган адам Ухань шаарындагы Вирусология институтунун лабораториясында иштегенин айтып тыгышкан. Мындан улам Кытай бийлиги башынан ачык маалымат бербей койгон деп айыптаган. Көп өтпөй Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь бул маалыматты төгүндөп чыккан.

Коронавирус тууралуу

Коронавирус өткөн жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. Андан бери 200гө чукул мамлекетке жайылып, 16-апрелге караган түнү аны жуктургандардын саны жер жүзүндө 3 миллионго жетти.

Учурда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттери ага каршы вакциналарды жана дары-дармектерди жасоо менен алектенүүдө.