Гумжардам деп алдагандар бар. Комендант Бишкектеги кылмыштын түрлөрүн атады

Өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштар бир топ азайган. Азыр алдамчылык, уурдоо фактылары көбүрөөк катталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Борбор калаага өзгөчө абал киргизилгенден бери 1500дөн ашуун кылмыш катталган. Бул туурасында Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу кылмыштар бир топ азайган.

"Алдамчылык, жеке буюмдарды уурдоо (коляска, велосипед) көбөйдү. Карантинде отурганда адамдар аларды сыртка калтырып койгон учурлар бар. Андан сырткары, гуманитардык жардам беребиз деген шылтоо менен алдамчылык схемаларын сунуштаган учурлар кездешип жатат", — деди Орозалиев.

Коронавирустун кесепети

Күйөөсүнө кол көтөргөн аялдар бар. Ошто үй-бүлөлүк зомбулук азайганы айтылды
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.