БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Диетолог Тамила Арсеньева зат алмашууну жакшыртып, салмак таштоого жардам берчү майлуу азыктарды атады. Дарыгердин кеңештерин РИА Новости жарыялады.
Адистин айтымында, жаңгактын түрүн дайыма жеп туруш керек. Анда жүрөктүн иштешин жакшырткан пайдалуу майлар бар. Жаңгак көп жеген адам ток жүрөт.
"Эгер тез аранын ичинде арыктайм десеңиз, анда сөзсүз жаңгак жеңиз. Бирок анын көлөмүнө көңүл буруу керек. Аздан жеп туруу адамдын фигурасын өзгөртпөйт, ден соолукка пайдалуу", — деген адис.
Диетолог жер-жемиштердин ичинен арыктоо үчүн авокадону сунуштайт. Ал дагы жаңгак сыяктуу майлуу кычкылга бай. Анын курамында "К" витамини, фолий кычкылы жана жез бар. Аты аталган микроэлементтер жүрөктүн иштешин жакшыртат.
"Дагы бир пайдалуу азык бул — чиа уругу. Андан бир чай кашык жеп койсо, курсак ток болот. Курамында кальций, пайдалуу май, жез, цинк бар. Чиа данеги сезгенүү ооруларын да алдын алат. Майлуу, пайдалуу азыктардын тизмесинде зайтун майы дагы бар. Бирок аны муздак бойдон салат же боткого аралаштырып жесе пайдалуу. Ысытса пайдалуу касиетин жоготуп салат", — деди Арсеньева.
"Сүт же быштактагы майлар бизди бат эле ток кылып коёт. Аны жеп-ичкенден кийин бир топ убакытка чейин курсак ачпайт. Ошол эле учурда сүт азыктары бат сиңет жана курамында кальций, "Д" витамини бар", — деди ал.
Диетолог майлуу сүт азыктары тамак сиңирүүнү жакшыртарын да кошумчалап кетти.