Коронавирустан дарыланып жаткан 326 кишинин абалы айтылды

Работа областной клинической больницы в Иркутске
Учурда обсервацияда 914 адам жатат. Ал эми вирус жугузгандар менен 2548 киши байланышта болгону белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 жуктурган 326 адам жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда 12 адамдын абалы оор деп бааланууда, анын ичинен бешөө реанимацияда.

“314 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Бүгүнкү күндө 322 адам айыгып чыгып, сегизи каза болду”, — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал вирус жугузгандар менен 2548 киши байланышта болгонун кошумчалады. Учурда обсервация жайларында 914 адам жатат.

Коронавирустун кесепети

Коронавирусный стационар открыт на базе госпиталя медсанчасти МВД России по Москве
COVID-19 жуктургандар боюнча Ош биринчи орунда. Аймак боюнча статистика
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 656га жетип, анын дээрлик жарымы, 322си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.