Министрлик: COVID-19 аныкталып көз жумган 8 кишинин тең өнөкөт оорусу болгон

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 656 болсо, анын 322си айыкты. Илдеттен сегиз адам көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алып көз жумгандар улгайгандар жана өнөкөт оорусу барлар болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө COVID-19 вирусунан сегиз адам каза болду.

"Коронавирус жуктуруп алып каза болгон бейтаптардын көбүнүн жашы 60тан өйдө экен. Муну менен катар алардын өнөкөт оорулары болгон", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 656 болсо, анын 322си айыкты. Илдеттен сегиз адам көз жумду.

Карантинге караманча каршы чыккан киши COVID-19 жугуп көз жумду
Коронавирустан улам өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.