Новосибирскиден 177 кыргызстандык келип, дароо обсервацияга жөнөтүлдү. Сүрөт

Новосибирскиде учак күткөн кыргызстандыктардын саны 300дөн ашкандыктан, бүгүнкү рейске жарымы батпай калды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Новосибирскиден 177 кыргызстандык чартердик рейс менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Новосибирскиден 177 кыргызстандык келип, дароо обсервацияга жөнөтүлдү. Сүрөт

Коопсуздук максатында жүргүнчүлөрдүн бардыгы "Манас" аэропортунун перронунан тейленип, түз эле обсервацияга жөнөтүлдү.

"Учак Кыргызстанда калып калган Россиянын жарандарын сала кетет", —  деп айтылат маалыматта.

Карантинге караманча каршы чыккан киши COVID-19 жугуп көз жумду
Эске салсак, буга чейин Новосибирск — Бишкек каттамы боюнча билеттерди сатып алган жарандар мекенине келе албай калышкан. Себеби коронавирус пандемиясына байланыштуу Россия сырткы аба каттамды токтоткон. Бирок КР Тышкы иштер министрлиги дээрлик бир айдан бери мекенине келе албай жаткан кыргызстандыктарга акыры учак табылганын маалымдаган. Ал эми элчилик Новосибирскиде учак күткөн кыргызстандыктардын саны 300дөн ашкандыктан, бүгүнкү рейске жарымы батпай калганын билдирген.