Кант диабети менен жабыркап жүргөн Элмирбек Иманалиев кечээ, 20-апрелде, Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Анын сөөгү эртең "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Акындын артында уул-кыздары калды.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз-казак элине аттын кашкасындай таанымал акын, КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиевдин өмүр баянын, чыгармачылык жолун жана турмушундагы башка урунттуу учурларын баяндайт.
Айтылуу Эшмамбеттин урпагы
Элмирбек Иманалиев быйыл 42 жашка чыккан. Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген.
Иманалиев Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү.
"Менин атамдын ысымы Калил. Аны төрөгөн Тай деген кемпир Эшмамбеттин жалгыз кызы болгон. Башка тукуму калган эмес. Мен ошол Тай чоң апамды кадыресе көрүп, билип калдым. 93 жашында каза болду. Анда мен 12 жашта элем", — деп айтып берген Иманалиев Sputnik агенттигине берген маегинде.
Эшмамбеттин сөөгү Токтогул районунун Чоңко айылындагы Ак-Жар мазарына коюлганын кошумчалаган.
Манасчылык, төкмөлүк өнөрүнүн башталышы
Болочок акын эрте тамга таанып, жаштайынан адабий чыгармаларды көп окуган. Ошол кездеги бөбөктөрдүн эң алгачкы окуган китеби "Алиппе" же жомок болсо, анын эң биринчи окуган китеби "Манас" эпосу болгонун айтканы бар. Ошондон кийин манас айтып баштаган, бирок аны төкмөлүктөй алып кеткен эмес. 4-классынан тарта калем кармап ыр жазса, эки жылдан кийин комуздун коштоосунда ырдай баштаган.
Тууганбай Абдиевге жолугушу
Жаш өнөрпоз Элмирбектин концертте ырдаганын көргөн Тууганбай Абдиевдин иниси Койчубак ал тууралуу агасына кабар берип, "атактуу Эшмамбеттин чөбөрө жээни экен, чоң акындардай эле ырдайт экен" деп айтып барган. Ошондон кийин Тууганбай акын Элмирбекти издеп барып, Бишкекке алып келген. Ал убакта жаш талант 7-класста окучу. Атасынын каза болгонуна эки гана жыл болуп, апасы борбор калаага араң жиберген. Турмушка жаштайынан аралашып, бир топ кыйынчылыкты башынан кечирген.
Ийгилик артынан ийгилик
Ал эми Казакстандын эгемендик күнүнө карата Түркстан шаарында, Шымкенттеги оң түштүк Казакстан облусунун 70 жылдыгына арналган эл аралык айтышта экинчи орунду ээлеген. Иманалиев 2003-жылы төкмө акын Ашыралы Айталиевдин 75 жаш кутман курагына, Казыбек казалчынын 100 жылдыгына арналган сынакта баш байгени, Астанада өткөн акындардын эл аралык айтышында экинчи орунга ээ болгон. Андан кийин дагы бир катар эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды алган.
Соңку ирет Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына каратa өткөрүлгөн эл аралык айтышта ар башка обондо ырдап, баш байгени алган. Казак акындары менен айтышканда комуздун, домбуранын коштоосунда казак обондору менен төкчү.
Билими
Акын билим жолун Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда алып, андан соң 2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.
Актёр да болгон
1994-жылдары шаардык театрда иштеп, андан кийин Кыргыз драма театрынын сахнасында режиссер Замир Сооронбаев алып чыккан "Токтогул" пьесасында Токтогулдун образын жараткан. Бирок өзүн актёр деп эсептебейм деп айтканы бар.
Муңу обондуу ырларында
Элмирбек Иманалиев белгилүү ырчылар аткарып жүргөн "Жалгыздыкта коштошуу", "Мунарым", "Ак секет", "Булбулум", "Боздотпочу", "Аруузат", "Балкыма" жана башка ырларынын обонун жараткан. Өзү жазган ырларында арман, муң бар экендигин жашырбайт. Маектердин биринде: "Мен тамаша, күлкүмдү айтыш учурунда чыгарып салып, калган чыгармачылыгыма жалаң кайгы, арман гана калат окшойт деп ойлоп калдым", - деп айтканы бар.
"Булбулум" тууралуу өзүнчө кеп
Редакцияга берген маегинде: "Азыр ырдалып жүргөн "Булбулум" ырынын биринчи тексти жазылып, анан Сыймык Бейшекеевге "обон чыгарып көрчү" десем, ал "жаңылмачтай экен, чыкпай атат" деп кайра көтөрүп келди. Болуптур деп, бир күнү кокустан май айында булбул сайрап жатканда эргүү келип балдарга ырдап бердим. Бардыгына жакты, ошентип бир канча ырларга обон жаратып келе жатам", - деген.
Ал маекте ырчылыкка ыктай албаганын, себеби үч жолу ырдаса үч башка боекто чыкканын, бирок обончулуктун эбин тапканын белгилеген.
Казак эли кастарлап, мурдагы президенти урматтаган
Журналисттер 2015-жылы Элмирбек Иманалиевден Нурсултан Назарбаев менен жеке мамилеси бар-жогуна кызыгып сурашканда, ал казак элинин ажосу чыгармачылыгын урматтай турганын айткан.
"Мен ал киши менен бир нече жолу бет маңдай отуруп баарлашкам. Туулган күндөрүндө дагы болдум. Назарбаев биздин Ысык-Көлгө келгенде жолуккан учурларым болду. Ал катышкан расмий, бейрасмий жолугушууларда ырдап жүрөм. Айтор, ошондой жакындыгым бар. Чыгармачылыгыма урмат менен мамиле кылат. Себеби өзү өнөргө жакын. Кыргыз-казактын улуу акындары боюнча дээрлик маалыматы кенен", — деген Иманалиев.
Ак таңдай акын дүйнө салды деген суук кабар кыргыз журтчулугун эле эмес, канатташ казак элинин да кабыргасын кайыштырып турганы анык. Коңшу өлкөнүн акындары жергиликтүү басылмаларга бул тууралуу маек берип, социалдык тармактагы баракчаларына билдирүүлөрдү жазып жатышат.
Биринчи турмушу
Гүлбүбү Ороскул кызы 2017-жылы дүйнөдөн кайткан. Улуу кызы Айзуура белгилүү журналист Мирзат Мукановго турмушка чыгып, Элмирбек Иманалиевди эки ирет жээн неберелүү кылган.
Экинчи жубайы медик
Азыркы жары Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар эле. Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан.
Соңку маек, жан дүйнө...
Төкмө акын былтыр алып баруучу Назира Айтбековага маек куруп, жан дүйнөсү, мүнөзү тууралуу буларга токтолгон. "Сыртыман караган кишилер мени көбүнчө тынч, токтоо, оор басырыктуу, жай адамсың дешет. Бирок өзүмдүн байкашымча жана мени өтө жакын билгендер билет, ичимде бурганак көп. "Буулуккан булут болдум мен, буркурайт жамгыр ичимде" деген ыр саптарым бар эле. Ошол сыңары, жамгыр ичимде жаап аткан учурлар болот. Андан коргоно да албайсың. Кол чатыр да жардамга келбейт, ичиңден ушундай сабайт" деген.
Элмирбек Иманалиев соңку жылдары жаш акындарга устаттык кылып келген. 2016-жылы Эл артисти наамы берилген.