Коронавирустан айыккан кыргызстандыктар. Жүрөк жылыткан статистика

Ош облусу боюнча коронавирустан 82 бейтап айыгып чыкса, Жалал-Абадда 67си сакайды. Ал эми Бишкек жана Чүйдө 39 адам аман-эсен үйлөрүнө чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 201 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Алардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Ош облусу боюнча коронавирустан 83 бейтап айыгып чыкса, Жалал-Абадда 67си сакайды. Бишкекте 39, Нарында алтоо, Ысык-Көлдө төртөө, Баткенде коронавирус жуктурган эки киши аман-эсен үйлөрүнө чыкты.

Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201и айыгып, жетөө каза болду. 140 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.