16 кишинин абалы оор, сегизи реанимацияда. COVID-19 жуктургандардын абалы

Коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпысынан 568ге жетти. Ал эми өткөн суткада эки адам каза таап, коронавирус аныкталып көз жумгандар жетөө болду.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандардын арасынан 16 кишинин абалы оор, алардын тең жарымы жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Бардыгы 360 бейтап ооруканада жатат. 16 адамдын абалы оор деп бааланууда. Анын ичинен сегизи реанимация бөлүмүндө”, — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда бир суткада 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты
Ал эми 344 адамдын абалы орточо жана канааттандырарлык экени белгиленди. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпысынан 568ге жетти. Ошондой эле өткөн суткада эки адам каза таап, коронавирус аныкталып көз жумгандар жетөө болду.

Белгилей кетсек, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.